Бул тууралуу Британияда жайгашкан Экологиялык акыйкаттык аттуу бейөкмөт уюмдун отчетунда айтылат. Уюмдун эсебинде, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Түркияда жана Өзбекстанда айрымдары беш жашка эми чыккан 1 миллион бала өтө оор жана
ден-соолукка коркунучтуу шарттарда иштеп, кездемеге болгон дүйнөлүк талапты канааттандырууга салым кошуп келишет. Уюм бул өлкөлөрдө жаш балдардын эмгегин пайдалануу мамлекеттик саясат экендигин эскертет. Көп балдар күнүгө 12 сааттан иштеп, зордук-зомбулукка, анын ичинде сексуалдык зөөкүрлүккө туш болушат.