Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Жаныл Жусубжан, Прага Алыскы Скандинавияда адистер эсептегенге караганда, Аяз ата Кыргызстанда жашайт жана Жаңы жылдын алдында өзү жашаган Алай тоолорунан жолго чыкса, дүйнөдөгү бардык балдарга өз убагында белек-бечкектерин жеткире алат. Дүйнөгө дүңк эткен бул кабарга биз да кызыгып, эсептөөнүн авторлору менен байланыштык.

Жаңы жыл бөбөктөр үчүн өтө кубанычтуу мезгил, айрыкча тартиптүү, улууларга сылык мамиле жасаган кыздар менен балдар бул күнү каалаган белегин алышат. Белекти балдар уктап жатканда, Аяз ата таштап кетээрин баарыбыз жакшы билебиз. Бирок дүйнөдө бир нече миллиард бала бар, алардын баарына Аяз ата кантип жетишет?

Мына ушул суроого баш катырган финляндиялык СВЕКО фирмасынын Швециядагы эксперттери Аяз ата Кыргызстанда жашагандыктан, бардык балдарга белек жеткирип жетишээрин аныкташкан. Балдар өзгөчө көп жашаган аймактан болгондуктан, ал дүйнөдөгү кичинекей балдар бар 2 жарым миллиард түтүн үйдү чанасын сындырбай, бугуларын ташыркатпай, 24 саатта кенен-кесири кыдырып чыгат экен.

Тактап айтканда, аяз ата бир үйгө 34 микросекунд токтолот, ал эми бугу чегилген чанасы секундасына 5 миң 800 чакырымды басып өтөт. Эгер Аяз ата Кыргызстандан эмес, эсептөө жүргүзгөн фирманын штаб-квартирасы жайгашкан Финляндиядан чыкса, көп убакытты уттуруп, аяй балдардын баарына белек берип жетише албай калмак экен. Айтмакчы, финляндиялык балдар аяз атаны Гротто деп чакырышат, Гротто бул өлкөдө Арктикага чукул жайгашкан көчмөн лапланддардын Корватунтури кыштагында жашайт.

Ал эми биз өзүбүздүн Аяз атанын жашаган жерин картадан карап көрсөк, СВЕКОнун эсеби боюнча, ал Жер шарынын 74 градус чыгыш узундугунда, 40 градус түндүк кеңдигинде жашайт экен. Бул Кыргызстандын Алай тоолорунун Тажикстан менен чек арага жакын жердеги Кызыл-жар, Чычырканак, Парт-съезд өңдөнгөн айылдардын бирине туура келет. Бул Өзгөн шаарынан башталып, Кара дайраны бойлоп чек араны көздөй кеткен жолдо. Бул айылдардын тургундары бизге кат жазса, биз Аяз ата жашаган көчөнүн атын да тактап алат элек. Ага чейин сөз болуп жаткан изилдөөнүн авторлоруна чыксак.

Свеко фирмасынын Швециядагы бөлүмүнүн маалымат катчысы Ребекка Гуннер Азаттыктын телефон чалганына өтө кубанып, бардык суроолорубузга жооп берди. Алгач мен андан СВЕКО компаниясы тууралуу айтып берүүсүн сурандым.

- Биз инженердик компаниябыз, бизде архитекторлор бар, алар имараттарды пландашат, көпүрө курган инженерлер, көп сандаган эколог-кеңешчилерибиз бар. Алар айлана-чөйрөнү коргонууну жакшыртуунун үстүндө иштешет, мисалы таштанды сууну тазалоочу ишканаларды курабыз. Биздин Европадагы бөлүмдөрүбүздө 5 миңдей киши иштейт, Орусияда өз бөлүмүбүздү ачтык.

- Аяз атанын саякатын эсептеп чыгуу идеясы кайдан келди?

- Биздин компаниянын жаңы жылдын алдында кандайдыр бир жаңы идея менен чыгуу салты бар. Бизде ушул өңдөнгөн эсеп жүргүзүүчү бөлүм иштейт. Мисалы Финляндияда ар кандай жүктөрдү ташыган ишканалар бар, биздин бөлүм аларга аз чыгым менен көп жүк ташуунун мүмкүнчүлүктөрүн эсептеп беришет. Ал эми Аяз ата көп сандаган балдарга белек бериши керек. Демек анын саякаты узак жана татаал болот. Жүгү да оор. Ошондуктан биз ушундай идеяны ойлоп таап, ал тууралуу маалымат камтылган куттуктоолорду өз кардарларыбызга жиберебиз.

- Эми финляндиялык кыздар менен балдар кантишти? Алар Кыргызстан кайда экенин да билишпесечи?

- Билишпейт болуш керек. Бирок биздин айтайын дегенибиз, эгер Аяз ата дүйнө кезгенде жол чыгымын азайткысы келсе, Кыргызстанда жашаш керек. Ал эми ал Финляндиянын түндүгүндө Лапландияда жашайт деп ойлогон балдардын өз пикиринде кала берүүгө укугу бар деп ойлойм.

-Ошентип, Аяз ата Кыргызстандан жолго чыкты дейли, ал чыгышка жол тартабы же батышкабы?

- Ал алды менен Жер шарындагы балдардын басымдуу бөлүгү жашаган Кытай менен Индияны кыдырат. Андан ары Батышка кетет. Ал тез жүрөт, бирок Жер да айланып атат, ошонун эсебинен ал убакыт жагынан артыкчылыкка ээ болот. Башкача айтканда, башкалар үчүн 24 саат болсо, ал 48 саатка ээ болот.

- Аяз ата 24 саатта Жерди айланып чыгыш үчүн супер-учактардан да алда-канча тез жүрүшү керек турбайбы?

- Ооба, ал бардык үйлөргө жетишем десе, ошондой тез жүрүшү керек.

- Аяз ата тээ байыркы замандардан эле түндүктө, Скандинавияда жашаган деп айтышчу эле, кийин эле Америкадан келген Санта Клаус "Аяз ата" менмин деп чыкты. Буга кандай карайсыз?

- Билбейм! Менимче, ар бир өлкөдө балдар аяз ата өз өлкөсүнөн келет деп ойлойт. Менин беш жаштагы балам аяз ата Швециядан деп ойлойт, Финляндияда балдар аяз ата Финляндиядан деп ишенишет.

- Кээ бир элдерде Аяз ата балдар уктап атканда үйдүн морунан түшүп келип, мештин алдына кургасын деп жайып койгон байпакка белек салып кетет. Албетте, тартиптүү балдар гана мындай белекке татыктуу болушат. Ал эми сиздин уулуңузга Аяз ата кантип жана кандай белек берет?

- Швецияда адатта белекти балатынын алдына коюшат. Менин уулум түздүк жерде тебилүүчү лыжаны белекке алсам деп жүрөт. Бирок Аяз ата ага эмне алып келээрин дагы көрө жатаарбыз.

Анда Швециялык, финляндиялык, кыргыз жана башка бардык балдарга жаңы жылда каалаган белектерин алсын деп тилек кылалы.

Тектеш

XS
SM
MD
LG