Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

ТҮРКИЯДА БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН АЛДЫНДА ДАГЫ ДАЛАЙ ТОСКООЛДУКТАР БАР


Басма сөз эркиндиги Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болуу жараянындагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп келди. Европалык Журналисттердин Ассоциациясы (AEJ) кийинки аралыкта жарыялаган бир изилдөө баянында Түркияда журналисттерге каршы зордук-зомбулук жана куугунтуктоолор 1990- жылдардан бери карай сезилерлик даражада азайган менен бул өлкөдө басма сөз эркиндигинин алдында али дагы болсо далай тоскоолдуктар турганы билдирилген.

Европадагы 20 өлкөнү кучагына алган изилдөө жумушу Европада басма сөз эркиндигинин мыйзамдар, саясии жана коммерциялык көмүскө күн тартиптер менен кысымга алынган учурларды журналисттерди камакка алуу менен коркутуулар жана айрым учурларда өмүрүнө кол салуулар орун алган жагдайларды текшерген. Отчеттун Түркияга арналган бөлүмүн ассоциациянын биринчи вице-президенти Доган Тылыч жазган.

“Башкаруудагы Ак Партия чектөөчү мыйзамдарды алып салуу же жеңилдетүү тууралуу такай билдирип келе жатканына карабастан, журналисттердин улуттук маселелер жөнүндө толук жана объективдүү кабар берүү эркиндиги мыйзамдык жана башкача тоскоолдуктар аркылуу олуттуу түрдө чектелүүдө” деп көрсөтүлгөн баяндамада, армян тегиндеги журналист Хрант Динктин өткөн жылы адам колдуу болушу менен, “Түрктөр осмондунун соңку жылдарында 1 жарым миллион армянды кырды” деп айткан Нобелдин Адабият сыйлыгынын ээси жазуучу Орхан Памуктун сот жообуна тартылуу окуялары, бул өлкөдөгү басма сөз жана сөз эркиндигине туудурулган коркунучка мисал келтирилген.

Иш жүзүндө, басма сөз эркиндигинин начар абалы тууралуу талкуу Түркиянын өзүндө деле кызуу жүрүп жатат. Чатактын чордонунда өлкөнүн Кылмыш Жаза Кодексинин, “Түрктүккө жана Түрктүктүн жеке аброюно доо кетирүү” жосунуна караган 301- беренеси турат. Евробиримдик жана Түркиядагы айрым жазуучу-журналисттер бул берененин бүтүндөй алып салууну талап кылышса, айрым чөйрөлөр анын ичинде улутчул маанайдагылар, андайча статья Европанын көптөгөн өлкөлөрүнүн кылмыш жаза кодекстеринде деле бар экенин билдиришүүдө.

Лондондо чыгуучу Guardian гезитинде чыккан бир макалада, бул берене Түркиянын Евробиримдик менен болгон мүчөлүк сүйлөшүүлөрүндөгү чоң түйшүктөрдүн бири катары сүрөттөлүп, аталган статьянын негизинде үстүнөн сот жараяны улашып жаткан бир басмакана ээси 3 жылга кесилиши мүмкүн экени билдирилген. Анда жазылышына ылайык, Рагып Зараколу атындагы басмакана ээси, Лондондо жашаган армиян тегиндеги жазуучу Жорж Ержияндын, “чындык бизди азат кылат” деген чыгармасын Түркияда басып чыгарган. 2005- жылда Түрк тилине которулган китепте 1915- жылдарда армяндар кырылган окуялардан Осмондуу бир аскердин жардамы менен аман-эсен кутулган армян кемпирдин өмүр баяны сүрөттөлөт. АКШдагы армян диаспорасынын да чачын төбөсүнө тике тургузган ал китеп Түркияда да ири ызы-чууга себеп болгон эле.
XS
SM
MD
LG