Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссия бүгүн Бишкекте кыйноолорго каршы коомдук угуу өткөрүүдө. Аталган комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, коомдук угуу эл аралык факультативдик протоколдун алкагында өткөрүлүп жатат.

-Кыргызстанда кыйноолор, уруп-сабоо, коркутуулар өзгөчө жаза өтө мекемелеринде кеңири таралганы күмөнсүз. Күч органдарында, жабык мекемелерде ушундай терс көрүнүштөрдү четтеттүү үчүн кандай чараларды көрүү зарыл деген суроо туулат?

-Бул жерде өзүңөр билесиңер, президенттин алдындагы адам укук боюнча комиссиянын алдында уруп-согууга, кыйноого каршы атайын бир топ түзүлгөн. Мына бул топ эки айдан бери катуу аракеттерди көрүп атат. Бардык жерлерде, түрмөлөрдө, убактылуу кармоо жайларында тилекке каршы уруп-согуу фактылары дагы эле бар болуп атат. Мисалы, ошол эле Бектемир Акуновдун өлүмү да кандайдыр бир катуу шектенүүнү туудуруп атат, бул боюнча изилдөө жүрүп атат. Андан тышкары Нарында дагы 2-3 факты катталды, бир адам өлдү. Ысыккөлдө, Бишкекте, Түштүк тарапта да мындай фактылар катталып атат. Бул боюнча биз атайын топ түзүп, ал топ оперативдүү бардык жерге барып текшерип фактыларды каттап атат. Финансылык жактан “Фридом хауз” деген уюм катуу жардам берип атат. Уруп-согууну, кыйноону четтетүү биздин комиссиянын чоң максаттарынын бири болуп эсептелет.

- Жакында эле Таластык укук коргоочу Улукбек Осмонов камакка алынып, ал жерде милиция кызматкерлери тарабынан таяк жегени тууралу бизге маалымат түшкөн. Бул окуя боюнча сиздер териштирүү иштерин жүргүздүңүздөрбү?

- Атайын Осмоновго байланыштуу жана башка иштер менен мен Таласка барып кайттым. Ошондо Улукбек Осмонов менен катуу кенен-кесир ысык сүйлөштүк. Ал киши Тарас шаарынан кармалып келген, бирок уруп-согууга туш келди деп айта албайм. Кармаганда колун толгоп, күч колдонуп кармашкан. Бул уруп-согууга кирбейт. Бирок Улукбек Осмоновдун үстүнөн кылмыш ишин козгогондук, саясий куугунтук болуп атканын туура эмес деп эсептейм. Жол тоскондугу үчүн, же башка акцияларды өткөргөнү үчүн кылмыш ишин козгоонун зарылчылыгы жок болчу. Кылмыш ишин козгоп баланча жылга соттойбуз дегенде, бул киши айласыздан качып кетүүгө мажбур болгон. Бирок мен качканын туура көрбөйм. Качаардын алдында мен бул кишиден аябай катуу сурангам, кетпеңиз, үй-бүлөңүздү таштабаңыз, мамлекетти сөзгө калтырбаңыз деп. Ал киши тилекке каршы укпай койгон. Бирок ал кишинин үстүнөн сот процессин өткөрүү, же кылмыш ишин козгоо туура эмес деп эсептейм. Анткени, ал киши кыргызстандын демократиясына, адам укугуна чоң кызмат кылган чоң кызмат кылган саясий инсандардын бири. Бирок бир жаман жери азыр 3-4 киши качып жүрөт, ошолор келсе эле сот процесси болуп, мен ойлойм алар акталып чыгат деп.

- КСДПнын мүчөсү Эдил Байсаловго кылмыш иши козголгонуна кандай баа бересиз?

- Бул боюнча биздин комиссияда иликтөө жүрүп жатат. Аягына чейин чыга элекпиз. Жакында Эдил Байсалов менен дагы сүйлөшөлү дедик. Мен Кабиловага кирип байланышып чыктык. Бул жерде эки жактуу бар. Биринчиден, Эдил бюллетенди тарта калып, аны интернетке чыгара койгону кылмыш ишине келбесе дагы, бул моралдык жагынан жакшы эмес. Бул жерде өзүн реклама кылайын деген ички аракети да көрүнүп турат.

-Маегиңиз үчүн чоң ырахмат.

Маектешкен Мээрим Султангазы
XS
SM
MD
LG