Алар Ислам Каримовдун 23-декабрдагы шайлоодо үчүнчү ирет президенттикке баратканын одоно мыйзам бузуу катары сынга алышты. Акция Өзбекстандын Конституциясынын 15 жылдыгын утурлап уюштурулду. Нааразы болгон өзбекстандык жарандар мындай акцияны «Биримдик кыймылы» деп аталган уюм АКШдагы, Казакстандагы Өзбек элчиликтеринин алдында уюштуруп жатканын белгиледи.Өзбекстандын Конституциясы 8-декабрда кабыл алынган. (BuS)