Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Амирбек Усманов, Прага АКШ президенти Жорж Буш биринчи жолу Түндүк Кореянын жолбашчысы Ким Чен Ирге түз кайрылып, жыл аягына чейин өлкөнүн ядролук программасын толук ачыкка чыгарууга үндөдү. Ак Үйдүн өкүлүнүн маалымдашынча, Жорж Буш 1- декабрда Кимге жазган катында Йонбьон атомдук станциясын ишин токтотуу ал үчүн “өтө кыйын иш” экенин айткан. Буш буга чейин Түндүк Кореянын көсөмү менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып жүрчү.

Президент Жорж Буш 2002- жылы Түндүк Кореяны “жамандыктын булагы” деп атап, өлкө лидери Ким Чен Ирди “жек көрө” турганын билдирген. АКШ президенти 1- декабрда Кимге жазган катында, ага “Урматтуу Төрага” деп кайрылганынан караганда, өткөн беш жылда Буштун көз карашында чоң өзгөрүүлөр болгонсуйт.

Буштун катын Кимге Пхеньянга үч күнгө шашыла келген АКШнын чабарманы Христофер Хилл тапшырды.

Быйыл февралда Пхеньян берген убадага ылайык, жыл соңуна Йонбьон атомдук станциясы тоңдурулуп, өлкөнүн өзөктүк программасы толук ачыкка чыгарылышы зарыл. Бул станциянын курулушун биротоло токтотууга жол ачат.

Ак Үйдүн өкүлү Дэна Перинонун билдиришинче, кат - Пхеньянды жыл башында атомдук программасы боюнча берген убадасын аткаруусу шарт экенин эскертип коюуну көздөйт:

-Президент Буш Түндүк Кореянын келерки кадамы толук жана туура билдирүү жасоо экенин тараптарга эскертүүнү каалады жана билдирүү так болот деп күтөт.

Жорж Буш катты Түндүк Корея боюнча алты жактуу сүйлөшүүнүн мүчөлөрү Орусия, Кытай, Түштүк Корея жана Японияга да жолдогон.

АКШ Мамкатчысынын орун басары Христофер Хилл 7- ноябрда Токиодо болгон кезде Йонбьондогу өзөктүк станцияны демонтаждоо иштери жүрүп жатканы менен Пхеньян декларацияны кечиктирип жасайт деп каңкуулады:

-Түндүк Кореянын өзөктүк программасын ачыкка чыгаруу абдан маанилүү болгондой эле Йонбьондо тийиштүү иштердин планга ылайык жүрүп жатканын түшүнүү да маанилүү.

Хиллдин айтышынча, инженерлер станцияны радиоактивдүү заттардын таштандыларынан тазалап, отунду реактордон алууга камданып жатышат.

Талдоочулардын пикиринче, Буштун каты Түндүк Кореянын абройун көтөрүүдө чоң мааниге ээ. Себеби, кат Ким Чен Ирге өлкөнүн аскерий жетекчилигиндеги алты жактуу сүйлөшүүнүн каршылаштарын ийге салууда чоң көмөк болот, дейт Япониянын Уаседа университетинин профессору Тошимицу Шигемура.

Буштун Кимге жазган каты ал бийликтен кетчү акыркы жылы тышкы саясаттагы маанилүү багыттарда ийгиликке умтулганын да күбөлөйт.
XS
SM
MD
LG