Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

КЫТАЙ: ОЛИМПИАДАГА ЧЕЙИН БИР ЖАРЫМ МИЛЛИОН КИШИ ҮЙ-ЖАЙЫНАН АЖЫРАЙТ


Кытайда келерки жайдагы олимпиада оюндарына даярдык кызуу уланууда, бирок анын кесепетинен Бейжинде жүз миңдеген тургундар үйлөрүнөн ажырап калышууда. Женевада жайгашкан Үй укугу жана үйдөн күч менен чыгаруу борбору Кытайдын баш калаасында 1 жарым миллиондой кишинин укуктары эске алынбай жаткандыгын эскертти.

Үй укугу жана үйдөн күч менен чыгаруу борборунун маалыматына ылайык, Бейжинде шаар бийликтери жана Олимпиаданын уюштуруучулары 2008-жылдагы жайкы олимпиада оюндарына карата шаар тургундарын күч менен үйлөрүнөн чыгарууну улантып жатат. Жыл соңуна карата жарыялаган отчетунда Швейцарияда жайгашкан борбор келерки августта оюн башталганга чейин 1 жарым миллион киши үйлөрүнөн ажырап калаарын маалымдады.

Аталган борбордун директорунун орун басары Жан дү Плесинин сөзү боюнча, адамдарды башка жакка кетүүгө мажбурлоо тынчтыкты, боордоштукту жана жалпы адамзатынын түпнегиз жоболорун сыйлоону туу туткан олимпиада кыймылынын идеалдарына жана рухуна караманча каршы келет.

Анын айтымында, шаардын олимпиада оюндарына татыктуу болгон дүйнөлүк метрополияга айландыруу үчүн Бейжин шаарынын бийликтери жана Олимпиада оюндарын уюштуруу боюнча Бейжин комитети тургундарды күч менен мыйзамсыз көчүрүп жатат:

- Абалды түшүнүү зарыл. Биз кадыр-барктуу олимпиада оюндары тууралуу сөз кылып жатабыз. Ага көп каражат сарпталат, ошондуктан ал акчанын бир бөлүгү жапа чеккен адамдардын укугун коргоого бөлүү зарыл.

Олимпиада курулуштарына байланыштуу шаардын Дончең, Хичең, Чоңвен жана Хуанву оодандары айрыкча запкы тартууда. Аталган райондордо турмушу начар тургундар жыш отурукташкан. Алардын көбүн күч менен көчүрүп, айрымдарына жарыбаган компенсация төлөп беришкен. Башкалары үй-жайсыз калгандан кийин, башы ооган жакка тентип кеткен.

Дү Плесистин айтымында, чачырап кетүү коркунучу эбактан түптөлгөн маалелерди бейпайга салып жатат:

- Өз жанын кыйууга аракеттенгендер болду, кээ бирлер буга каршылык көрсөтүү менен өздөрүнө эбегейсиз коркунуч келтиришүүдө. Бул да болсо кытай бийликтери элге жетиштүү кам көрбөй жаткандыгын билдирет.

Дү Плеси шаарларды жакшыртууга каршы эмес, бирок буга тийиштүү көңүл буруш керек деп эсептейт.

2008-жылы Олимпия оюндарын өткөрүү укугун Кытайга ыйгарганда Эл аралык олимпиада комитети Кытайдагы укуктук кырдаалга көз салып, Бейжин өкмөтүнүн бул жаатта акырындык менен оңолуунун жолуна түшүшүн кепилдөөгө сөз берген. Бирок оюндар жакындаган сайын оңолуунун белгилери анчейин байкалбайт.

Ушундан улам Эл аралык олимпиада комитетинде Кытайга катуурак кысым көрсөтүү талабы күч алууда. Ошол эле мезгилде Дү Плеси белгилегендей, комитет учурда келечектеги оюндар үчүн курулуштар курулганда үйлөрүнөн ажырагандардын кызыкчылыгын да эске алуу сунушунун үстүнөн иштеп жатат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG