Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

АЗЕРБАЙЖАНДА “АЗАТТЫКТЫН” КАБАРЧЫСЫН КАМАККА АЛЫШТЫ


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Азербайжандагы кабарчысы 90 күнгө камакка алынды. Адам укугун коргоочу активисттердин айтымында, Илгар Насибов “жасалма түрдө негизсиз жана саясий жүйөө менен түрмөгө алынган” онунчу журналист болуп калды. Кабарчылардын укугун коргоо жаатында иштеген уюмдардын бири Азербайжанды “Европа жана Борбор Азия боюнча журналисттердин колуна кишен тагуучу өлкөлөрдү баштап турат” деп билдирди.

“Азаттык” радиосунун азери редакциясынын кабарчысы Илгар Насибов “жергиликтүү полиция кызматкерлеринин абийирине акаарат келтирген” деген айып менен 6-декабрда 90 күнгө түрмөгө кесилди.

Насибов президент Илхам Алиевге жолдогон катында өлкөнүн батышындагы Нахичевань эксклавында полициянын зөөкүрлүгү тууралуу жазган болчу.

Насибов Азербайжанда камакка алынган онунчу кабарчы жана бул окуя адам укугун коргоочу уюмдар менен Батыштагы өкмөттөр тарабынан кескин сынга алынууда. Алардын айтымында, Азербайжанда маалымат каражаттарына репрессия күч алды.

“Журналисттерди Коргоо Комитети” деп аталган эларалык уюмдун Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Нина Огнианова бул окуя тууралуу айтып жатып, “көз-карандысыз жана оппозициялык маанайдагы журналисттер кабылуучу жекирме жана каардуу аракеттер уланып жатканын” билдирди.

- Азербайжан кыска убакыттын ичинде эле, акыркы бир жылдын ичинде, камакка алынган журналисттердин саны боюнча Европа жана Борбор Азияда биринчи орунга чыкты. Бул - коркунучтуу тенденция, анткени түрмөгө отургузулуп жаткан журналисттердин көпчүлүгү чиновниктер тарабынан “саясий себептер” менен эле камакка алынышууда, - дейт Огнианова.

Журналист Насибов аялы Малахат Насибова экөө тең - “Азаттыктын” кабарчылары. Алар 4-ноябрда Нахичевандагы базарда болгон окуялар тууралуу кабарлап турушкан. Ал күнү базарды жабууга каршылык билдирип, сатуучулар менен базарга келип жүргөн тургундар нааразылык акциясына чыгышканда, полиция аларга каршы күч колдонгон. Насибов менен аялы экөө пикетке катышып жаткандарга микрофон сунуп, камерага тартып жатышканда, полисмендер алардын камерасын да, үн жаздыргычын да тартып алабыз деп коркутушат.

Андан соң Насибов президент Илхам Алиевдин интернеттеги сайтына кирип, Нахичевандагы милициянын зөөкүрлүгү жөнүндө кат жазат. Анын артынан эле жергиликтүү полиция башчысы Сабухи Ноорузов “бизге акаарат келтирди” деп, ага каршы кылмыш ишин козгойт. Андан кийинки окуяларда полиция аны алдап, алгач ага каршы ачылган иш жоюлганын айтып, бирок кийин адвокатсыз эле 90 күнгө сотто эркинен ажыратат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жефф Гедмин Насибовдун камалышын “Азербайжандын өзүнүн мыйзамдарын орой бузуу” катары баалап, аны тезинен бошотууга чакырды.

Өткөн жылы Азербайжанда оппозициялык бир топ журналист камакка алынган.

Өлкөнүн Нахичевань эксклавын Азербайжандын калган бөлүгүнөн Армения бөлүп турат. Ал жактагы регионалдык жетекчи Васиф Талибов - президент Илхам Алиевдин жакын тууганы. Сынчылардын айтымында, ал барган сайын Нахичеванда репрессивдүү жана жабык режимин түптөй баштаган, оппозициялык активисттер менен көз-карандысыз журналисттерге дайыма кысым көрсөтүлүп турат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG