Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн жаңы саны таанымал комузчу-аткаруучу, белгилүү обончу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, маркум Бейшеке Жандаровдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналат.

“Жалындуу жаштык кезинде, жазгы суудай ташкында” дегендей маркум комузчу-аткаруучу, обончу Бейшеке Жандаров жалындаган жаш кезинен баштап өзүнүн бактысын улуу комузчулар Карамолдо Орозовдун, Токтогул Сатылгановдун, Атай Огомбаевдин, Ыбырай Тумановдун залкар күүлөрүн чертүүдөн издейт. Жаш шайыр 1953-жылы Бишкектеги Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын босогосун аттайт. Эл аспаптар бөлүмүндө профессор Асанбек Асакеевдин классында окуйт. Экинчи курстан Кыргыз Улуттук филармониясынын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштей баштайт. Ошентип ал окуп да, иштеп да күндөн күнгө комузга, күүгө болгон сүйүүсү баштагындан да жалбырттай жанат.

“Адамды сөзүнөн эмес, ишинен таанайт” дегендей Бейшеке айтылуу шайырлардын татаал кайрыктарындагы күүлөрүн ийне менен кудук казгандай ийине жеткире ар бир кайрыктарын түп нускадагыдай так, таза чертиш үчүн жанын сабайт. Устаты Асакеевдин айтканын айткандай, дегенин дегендей эки дебей аткарып, күүдөн-күүнү чертип угармандардын көзүнө көрүнө баштайт.

-Асанбек мырза, сиз мугалим болуп иштеген күндөн 50дөн ашык комузчу-аткаруучуну уядан учурупсуз. Алардын арасында Республиканын эмгек сиңирген артисти маркум Бейшеке Жандаров да бар экен. Деги Бейшеке кадай комузчу эле?

- Менден бүткөн комузчулар көп болду. Ошолордун арасында Бейшеке Жандаров да бар эле. Бейшеке жөнүндө айтсак 2-3 мүнөт жетпейт. Комузчунун мыктысынын мыктысы эле. Маркум алгач комузду менден үйрөнүп калды. Кийин ал комузду үйрөнүүнү көрүнүктүү комузчулар Б.Кулболдиевден, К.Үкүбаевден улантты. Мен Бейшеке менен филармонияда К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде да бирге иштеп калдым. Бейшекеге Кудай таалам комузчу-аткаруучулукту аябай берген. Ал залкар комузчулардын күүлөрүн мыкты чертүүчү. Алсак, Карамолдонун “Көкөй кести”, Асанбек Кыдырназаровдун “Кыргыз көчүн” мыкты чертчү. Мен билгенден, уккандан азыркы күндө “Көкөй кести” менен “Кыргыз көчүн” Бейшекедей эч бир комузчу черте элек.

-Асанбек мырза, Бейшеке азыркыдай татаал кайрыктарды залкар күүлөрдү чертүү менен бирге обон да чыгаруучу эле. Шакиртиңиздин обончулугу жөнүндө ой бөлүшө кетсеңиз?

- Бейшекенин обондорун азыркы күнгө чейин ырчылар ырдап жүрөт. Алсак Бейшекенин “Сагынуу”,
“Сагынга” аттуу ырлары эстрадалык топтордун, оркестрлердин коштоосунда ырдалып, угармандарга ырахат тартуулап келүүдө.

“ЖЫПАРЫ БЕЛЕҢ БАЛАНЫН

(Сөзү Какен Алмазбековдуку. Обону Бейшеке Жандаровдуку)

Таратып шоокум асманга,
Таң атып келе жатканда,
Алмалуу бакты аралап,
Айылды көздөй басканда,

Кош дедиң колум бек кысып,
Козголуп жүрөк кетти ысып,
Жоодурап көпкө тиктештик
Жок чыгаар андай эч кызык.

Жылдыздай жарык кабагың,
Жылмайып жал-жал карадың,
Жытыңа кеттим магдырап,
Жыпары белең баланын.

Көрүнсө азыр карааның,
Жарк эте түшөт кабагым,
Убайым тартып кыйналсам,
Укпасам бир пас кабарың,
Сүйүүгө эркин жол берген,
Рахмат сага заманам.

Бейшеке ар бир угармандын жан дүйнөсүнө шерик болгондой өлбөс, өчпөс тунук махабатты, даңктаган түркүн аваздык боектордогу ондогон обондорду чыгарат. Алсак, автордун “Сагынам”, “Өкүнүч”, “Жыпары белең баланын”, “Сагынга”, “Үмүтүм”, “Кызыл гүл”, “Жүрөк гүлүнө” аттуу ж.б. сүйүүгө арналган ырлары белгилүү ырчы Зейнеп Шакееванын, кийин ырчылар Сабира Суранчиеванын, Гүлмайрам Момушеванын, Гүлсүн Мамашеванын аткаруусунда жумурай журттун кенчине айланат. Жандаровдун ырларын калк алдына алгачкылардан ырчы Зейнеп Шакеева ырдап чыгат. Автордун аваздык көркөм ыргактардын берметтери менен шөкөттөлгөн обондору Шакееванын мукамдуу тунук үнүнө ажарлана айкашып, угармандарга ырахат тартуулайт.

Ырчынын аткаруусундагы ар бир угуучуну асылданткан ырынын дагы бири “Сагынуу”. Автордун бул ыры да алгачкы ырдалышынан азыркы күнгө чейин карапайым калктын арасында ооздорунан түшүрүшпөй ырдап келишүүдө.

“САГЫНУУ”

(Сөзү акын Какен Алмазбековдуку. Аткаруучу Зейнеп Шакеева.)

Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан,
Кеч курун иштеп тең кайтып,
Келаткан күндү сагынам.

Алыстап суунун шарынан
Айтылып сырлар абыдан,
Ар дайым бирге болууга,
Антташкан күндү сагынам.

Жаштыктын ошол чагынан
Тең татып өмүр балынан
Колунан кызыл алып,
Коштошкон күндү сагынам

Көрүшкөн жандай жаныдан
Кеталбай алыс жанынан
Кылчактап улам кайрылып
Кыйылган күндү сагынам.

Сагынам жаным сагынам
Алыссың кантем жаныман
Сүйгөнүн эстеп сагынуу
Эң кыйын экен баарынан.

-Асанбек мырза, кыргыз эли менен бирге жашап жаткан тунук обондорду жараткан маркум Бейшекенин адамдык сапаты кандай эле?

- Маркум Бейшекенин адамдык сапаты да мыкты эле. Ал улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жазоочу.

P.S. Ооба, Бейшеке төгүлүп чачылып жүргөн колу март курбулары менен бир сындырым нанды тең бөлүп жеген кең пейил инсан эле. Ал тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. Бирок белгилүү шайыр өмүрүнүн акыркы 5-6 жылын жетпеген турмуштун айынан аябагандай кейиштүү тагдырда өткөрүп, о дүйнөгө сапар алды. Бирок, анын канаттуу ырлары калк арасында күнү бүгүнкүдөй ырдалып жашоосун улантууда.

«САГЫНГА
(Аткаруучу З.Шакеева)

Эмгекке чыксак таңында,
Элеси окшош жалынга
Эстелик үчүн ыр жаздым
Эпкиндүү келин, эпкиндүү келин Сагынга.

Гүлдөгөн колхоз айылында
Күкүктөр сайрайт багында,
Сүйгөндөн арнап ыр жаздым,
Күжүрмөн келин, күжүрмөн келин Сагынга.

Өзөнү толгон жашыл бак,
Өркүңдөп турат турмуш жак,
Аралап жүрдүм гүл жыттап,
Айлуу бир түндө, айлуу бир түндө салкындап.

Буркурап жыпар багында,
Булбулдар сайрайт шагында
Күндүзү бирге иштешип
Кеч кетсем, кеч кетсем кошо айылына.
XS
SM
MD
LG