Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

13:23 Эдил Байсалов үй-бүлөсү менен Кыргызстандын аймагынан чыгып кетти


Байсалов “Ак жол” чекара бекетинен 7-декабрда саат жыйырмаларда баласы, жубайы менен Казакстандын аймагына өтүп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” чек ара кызматынын нөөмөт бөлүмүнөн бүгүн билдиришти.Азырынча бул кабарды СДП партиясы тастыктай элек. Башкы прокуратура СДПнын жооптуу катчысы Эдил Байсаловго мамлекетке 11 миллион сомдон ашык чыгым алып келди жана БШКнын ишине тоскоолдук кылды деген негиз менен Кылмыш кодексинин 139-173-беренелери боюнча бейшембиде кылмыш ишин козгогон. Укук коргоочулар Эдил Байсаловго карата айыптоолорду четке кагып, аны саясий кермек даамы бар доо катары санашууда.(AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG