Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

ЖАШТАР ПАРЛАМЕНТКЕ КЕЛЕБИ?


Акан Иманов, Бишкек Жаштар бул коомубуздун бир бутагы, алар биздин келечегибиз, биздин куткаруучуларыбыз деп жаштар тууралу көп пикирлер айтылып келет. Жакында өтө турган шайлоодо жаштар кандай орунда турушат, алардын саясаттагы оруду кандай болот, алар келечекте парламентке киришсе чоң саясаттын ыплас оюндарына батып кетишпейби?

Үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында кабыл алынган жаңы шайлоо кодексине ылайык, парламенттик шайлоо 100 пайыз партиялык тизме боюнча өтөрү белгилүү болгон. Ага ылайык партия тизмесинин он беш пайызын жаштар түзүүсү керек эле.

Эми жакында өтө турган парламенттик шайлоого, курамына он беш пайыз жаштарды топтогон он эки саясий партия катышуу камын көрүшүүдө. Партиялардан көрсөтүлгөн жаш талапкерлердин катарында алдыңкы он орунга Социал-демократтар жана Туран демократиялык партиясынан орун берилген болсо, Ата мекен социалисттик партиясынан жаштардын катары 22-орундан башталат, ал эми Ак жол элдик партиясындагы жаштар 30-катардан төмөн карай орун алышкан. Дал ушул отузунчу орунда турган Максат Кунакунов: “Бул шайлоонун арты менен жаңы муун келет, партиялардын баары жаштар менен бирге”,- дейт.

- Жаштар дайыма курал бойдон калып калышууда. Азыркы тапта партиялардын баары жаштар менен бирге иштейбиз деп, шайлоого баратышат. Эми жаштардын даражасы көтөрүлөт жана жаңы муун келет.

7-декабрда Либералдык жаштар клубу, жаштардын саясаттагы орду кандай деген темада талкуу өткөрүштү. Жаштар партиялык жетекчиликке өз идеяларын жеткире алабы, буга чейин демократиялык баалуулуктарга таазим кылган жаштар чоң саясатка барганда ошол сапаттарын сактап кала алабы деген суроолорго жооп издешти.

Эркин муун альянсынын жетекчиси Мирсулжан Намазалиев: “Жаштардын партия башчыларына жасаган сунуштары ишке ашпайт”,- деп ойлоп турам дейт.

- Кай бир партиялардын тизмесинде жаштар алдынкы орунда бар, кай бирлеринде болсо жаштар 50-орундан башталууда. Азыр дагы көпчүлүк партиялар жаштарды колдонуп келишүүдө. Жаштар саясий аренада дагы чоң күчтү көрсөтпөстөн, аздыкты көрсөтүшүүдө. Азырынча жаштардын таасири болбойт жана алардын үнү эч кимге жетпейт го деп коркуп турам.

“Эл саясий оюндардан тажады, ыплас саясатка аралашпаган жаны муун керек, азыр болсо кээ бир партияларда жашы алтымыштан ашкан аксакалдар да жүрөт”,- дейт Социал-демократтар партиясынын жаш канатынын мүчөсү Азим Азимов.

- Партиянын жумуштарына байланыштуу көп адамдар менен жоолукканыбызда, алар: “саясий талаштардан тажадык, каалаганыбыз эле саясаттын ыпластыгына аралашпаган жаңы адамдар келесе дешет”. Ал эми партиялык тизмеде орточо 60 жаштагы адамдар жүрүшөт. Мага бул нерсе жакпай турат, анткени мурунку эле аксакалдар кайра эле жүрүшөт. Эми квотанын негизинде аз болсо да жаштар келет деп ишенем.

Жаштар парламентке барса бир нерсени өзгөртө алышабы? Биз бул суроону саясат таануучу Токтогул Какчекеевге узаттык.

- Жаштарды 10 пайыз деп чектегендик бул айласыздан иш болуп жатат. Жаңы муунду өстүрүш үчүн, аларды окутуп, такшалтыш керек. Кеп, дипломдо эмес. Бүгүнкү күндө жаштар парламентке барганда деле өзүнчө күч болуп, саясатты жүргүзөт дегенден мен алысмын. Азыр, “Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” деп ууладарын, туугандарын ээрчитип жүрүшөт. Ал эми талпынган балдар, талпынган бойдон калышууда.

Октябрь айында таркаган үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеште эки-үч гана жаш депутат иштеп келишкен, ал эми келээрки парламенттин 10 пайызы жаштар болору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG