Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВДИН БАЙГЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ АЯКТАДЫ


8-декабрда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Оор атлетика боюнча олимпиаданын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш быйыл жыйырманчы ирет өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Чоюн билек балбандардын таймашуусуна Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган оор атлетчилери катышты.

Оор атлетика федерациясынын жетекчилери тез-тез алмашкандыктанбы, айтор мелдешти Эл аралык Гран- при турнирине айландыруу аракетинен майнап чыкпай келетат. Быйылкы мелдешке Борбор Азия өлкөлөрүнөн сырткары Орусиялык балбандар да келишти.

Жеңил салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Султан Молдодосов он сегизге толо элек болсо дагы чоңдор менен таймашып, Каныбек Осмоналиевдин колунан баш байгени алууга арзыды. Султан жулкуп көтөрүүдө 112 кг. салмакты багындырса, түртүп көтөрүүдө 133 кг. салмак менен биринчи орунду ээледи.

Султандын атаандаштары казакстандык Игорь Ким менен Сагындык Кененбаев экинчи жана үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

62 кг. салмактагы чоюн билек балбандардан баш байгени казакстандык Нурлан Сапаргалиев утуп, алтын медаль тагынды. Кыргызстандык Хасан Кочкоров экинчи орунду, өзбекстандык Евгений Ли үчүнчү орунду ээледи.

69 кг. салмактагы атаандашууларда мыктылар иргелип олтуруп казакстандык Федор Данилов жеңиштин бийик секисине көтөрүлдү. Мында өзбекстандык Сукат Музафаров күмүш медаль тагынды.

Ал эми 77 кг. салмакта Азиянын эки жолку чемпиону кыргызстандык Улан Молдодосов казакстандык Тахир Халматовго бир килограмм айырма менен уттуруп коюп, арманда калды. Улан Молдодосов жалпысынан 312 кг. салмакты багындырса, анын негизги атаандашы Тахир 313 кг. салмакты көтөрүп, баш байгенин ээси болду. Улан Молдодосов экинчи, казакстандык Асхат Ишенбаев үчүнчү тепкичке турушту.

85 кг. салмакта байгелүү орундун баарын казакстандык оор атлетчилер утуп алышты. Казакстандык Владимир Седов, Алмаз Утешов менен Дмитрий Низов алтын, күмүш жана коло байгелүү болушту.

Ошондой эле 94 кг. салмакта да казакстандыктар жогорку чеберчилигин көрсөтө алышты. Каныбек Осмоналиевдин баш байгесин дүйнөнүн эки жолку чемпиону, казакстандык Илья Ильин жеңип, ал мелдештин мыкты балбаны деген урмат-сыйга да арзыды. Ильянын мекендештери Искендер Момунбеков менен Стас Копытов күмүш жана коло байгени олжолоп кетишти. Мелдеште мөрөй алган казакстандык Искендер Момунбеков таймашуулар курч болгонун, турнирди Эл аралык деңгээлге жеткирүүгө мүмкүн экендигин белгиледи.

Ошондой эле 109 кг. салмакта да казакстандык Сергей Истомин биринчи орунду ээлесе, эң оор салмактагы спортчулардын баш байгесин да казакстандык Аслан Абдуллаев утуп алды.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, оор атлетика спорт мектебинин жетекчиси Өмүржан Молдодосов быйыл казакстандык балбандар мыкты даярдык менен келишкенин белгилеп, өлкөнүн тандалма балбандары Азия чемпионатына даярдык көрүп жаткандыктан бул мелдештен жаракат алып калбасын деп сактанып чоң таймашка чыгарбадык, деп актанды.

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев болсо кыргыз кыздарынан алгач ирет мелдешке катышып, жеңил салмакта Кыргыз спортунун чебери деген наамга биринчи жеткен Бишкектеги 2-орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айтбек кызы Жаңылдын ийгилигине жетине албай кубанып, өзүнүн жанынан сыйлык берди.

Кыргыз кыздарынан биринчи спорт чебери аталган Айтбек кызы Жаңыл учурунда атасы да оор атлетика менен машыкканын, бул спорт өзүнө жагаарын, Каныбек Осмоналиевдей кыргызды дүйнөгө тааныткан чемпион болуу ой-максаты экенин айтып берди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG