Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

17:40 Т.Акун: Эдил Байсалов элчиликтерден саясий баш паанек сурап кайрылыптыр


Бул тууралуу президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Байсалов ага карата Башкы прокуратуранын козгогон кылмыш ишинен чочулап, Кыргызстандагы Германия жана башка элчиликтерден саясий баш паанек сурап кайрылыптыр. “Алдын ала коомчулукта чуу көтөрүүнүн кажети жок. Байсалов соттун чечимин күтүүсү керек эле”,- дейт Турсунбек Акун. Эдил Байсалов менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок айрым маалымат каражаттары Байсалов коңшу Казакстанга убактылуу кеткенин жазып чыгышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG