Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан журналисттери республикалык курултай өткөзүп, анда өздөрүнүн кесиптик кесиптик этикалык кодексин кабыл алышты. Мындай этикалык кодекстер буга чейин деле далай жолу кабыл алынган, бирок алар иштебей келген. Бул жолку кабыл алынган кодекстин мурункулардан чоң айырмасы - бардык аймактардан келген журналисттер өздөрү талкуулап кабыл алган үчүн ал легитимдүү болуп, аны аткарышка аракет болот деген үмүт жаралууда. Экинчиден, этикалык кодексти аткарууну камсыз кылуу үчүн маалымат каражаттарына арыз-даттанууларды карай турган коомдук комиссия түзүлүп, иштегени жатат.

Этикалык Кодексти кабыл алуунун жана аны аткарууну камсыз кылуучу коомдук органды уюштуруунун башкы максаты журналисттердин өз ара тилектештигин чыңдоо, алардын ишин жалпы коомчулуктун кызыкчылыгында өркүндөтүү жана маалымат каражаттарына берилген арыз-даттанууларды сотко жеткирбей жөнгө салуу болуп саналат. Бүгүн курултайда кабыл алынган Кодексте сөз эркиндигин коргоо, маалыматтын бурмаланышына жана цензуранын ар кандай формасына каршы туруу, улуттук, аймактык жана диний, расалык каршылашууну жараткан маалыматтарды жайылтууга жол бербөө, маалыматтарды көчүрүп уурдоодон алыс болуу сыяктуу принциптерди сактоо журналисттерге сунуш кылынды. Этикалык Кодексти иштеп чыккандардын бири, медиа өкүл Шамарал Майчиевдин айтымында, мындай кодексти ишке киргизүү журналисттердин ишмердигин коомдук кызыкчылыгында өркүндөтүү үчүн маанилүү чечим болуп калмакчы.

Кодексти талкуулоо учурунда журналист кайсы бир партиянын мүчөсү болууга тийишпи же жокпу, деген маселе кыйла талашты жаратты. Бир катар журналисттер минтип чектөө адам укуктарына каршы келет деп чыгышты, экинчи бирөөлөр кайсы бир партиянын мүчөсү болгон журналист жалпы коомдун кызыкчылыгына иштеши кыйын болуп калат деген пикирлерин айтышты. Акыры бул маселе журналист колдон келсе партияга мүчө болбой эле койгону оң деген сунуш формасында кабыл алынды. Ош шаарындагы медиа ресурстук борборунун директору Максуда Айтиеванын айтымында, бул маселенин көп талаш туудурган себеби - азыркы учурда саясатка аралашып, партиялык тизме менен шайлоого бараткан журналисттердин көп болуп жатканы менен байланыштуу.

Этикалык кодекс буга чейин журналисттердин ар кандай жыйындарында бир нече жолу кабыл алынган. Бирок журналисттердин турмушунда алар дээрлик иштебей келди. Ошондуктан, бул кодекс деле мурдагылардын кейпин кийип иштебей калабы деген күмөн пикирлер көп болууда.

-Начар жагы - бул кодекске бардык журналисттердин кошулбаганы болуп жатат. Мындан дагы проблема келип чыгат болуш керек. Айрым журналисттер бул кодексти колдонуп аткарышы мүмкүн, бирок бүтүн журналисттерге тарайт деп айтыш кыйын, -дейт Ош шаарындагы медиа ресурстук борборунун директору Максуда Айтиева.

Ошентсе да, медиа өкүл Ш. Майчиев бул кодексти журналисттер өздөрү талкуулап кабыл алып жаткандан кийин анын легитимдүүлүгү жогору болуп, иштеп кетет деген ишенимде турат. Анын үстүнө мурда кабыл алынган этикалык кодексти аткарууга көзөмөл кылган жумушчу орган болгон эмес. Бул сапар курултайда ММК өзүн өзү жөндөөчү органы катары маалымат каражаттарына арыз-даттанууларды карай турган коомдук комиссия түзүү маселеси да каралды. Ал комиссиянын курамында маалымат каражаттарында түздөн түз иштебеген, бирок коомчулукта бедел-аброю жогору адамдар болууга тийиш. Бул комиссия иштеп баштаса, маалымат каражаттарына арыз-дооматтары бар адамдарда соттошуп отурбай бул комиссияга кайрылып чечишип алууга мүмкүнчүлүк болот.
XS
SM
MD
LG