АКШнын Мамлекеттик департаменти Эркин Европа Азаттык үналгысынын Азербайжандагы кабарчысынын камакка алынышына тынчсыздануусун билдирди. Мамдепартамент тараткан билдирүүдө, бул окуя Азербайжандагы сөз эркиндигине жасалган кысым катары бааланат. 6-декабрда “Азаттык” үналгысынын азери редакциясынын кабарчысы Илгар Насибов “жергиликтүү полиция кызматкерлеринин абийирине акаарат келтирген” деген айып менен 90 күнгө түрмөгө кесилген.