Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Ооганстанда ири аскерий операция башталды


НАТО жана ооган күчтөрү өлкөнүн түштүгүндөгү Муса Кала шаарын Ислам жикчилеринен бошотуу боюнча ири операцияны баштады. Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Захир Азиминин айтымында, ушул тапта шаар толугу менен курчоого алынды жана абадан чабуул башталды. Бир нече күнгө созулары айтылып жаткан бул операциянын жүрүшү тууралуу азырынча толук маалыматтар чыга элек. Ооганстандын түштүгүндөгү Муса Кала шаарын ушул жылы февралда талибдер ээлеп алган болчу.

XS
SM
MD
LG