Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Косовонун келечек макамы боюнча сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады


Эл аралык ортомчулардын аракети менен өткөн Косовонун келечек макамы боюнча сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. Бул тууралуу Евробиримдик, АКШ жана Орусиянын дипломаттарынын БУУнун баш катчысы Бан Ки Мунга жолдогон билдирүүсүндө айтылат. Дипломаттардын айтымында, төрт айга созулган сүйлөшүүлөрдө тараптар мунасага келе алган жок. Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Косово жана Сербиянын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жандандырарына үмүт артты. Косоводо көпчүлүктү түзгөн этникалык албандар аймактын көз карандысыздыгын талап кылып келет. Расмий Белград бул талапка макул эмес.

XS
SM
MD
LG