Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

ЖАЛАЛАБАТТА СЕНТЯБРЬ СЫНАЛГЫСЫН ООЗДУКТОО БАШТАЛДЫ

  • Ырысбай Абдыраимов

Шайлоо жакындаган сайын маалыматтын баалуулугу өсүүдө. «Сентябрь» телеканалы Жалалабат жана Ош облустарынын аймагында эркин маалымат таратып жаткан бирден бир компания. Телеканалдын мунарасы “Кара алма” токой чарбасынын аймагында жайгашкан. Жакында Экономикалык иштер боюнча Жалалабат райондор аралык соту телеканалдын ал жерди пайдалануу мөөнөтү бүттү деген аныктамасын чыгарган. Телеканалдын жетекчилиги жана анын жактоочулары токтом бир айдан кийин гана күчүнө кириши керек деп каналды жабууну токтотуп калышты. Ал аймакта электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн телеканал ушу тапта автономдук жабдуу менен калкка маалымат таркатууда.

7-декабрда "Кара алма" токой чарбасынын аймагына облустагы милициянын өзгөчө отряды менен сот аткаруучулар «Сентябрь» телеканалына тиешелүү мунаранын ишин токтотуу үчүн барышкан. Жалалабатта үгүт өнөктүгү менен жүргөн “Ата мекен” партиясынын лидерлери Ө.Текебаев, К.Байболов соттун аныктамасы бир айдан кийин гана күчүнө кирерин түшүндүргөн соң милиция кайра кайтып кетүүгө аргасыз болгон. Сыналгынын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаевдин белгилешинче мунара жайгашкан жер талаш маселесине “Сентябрь” сыналгысынын тиешеси жок. Кызматкерлерди укпай, мөөр басып, мунараны жабууга жасаган аракеттер телеканалдын жактоочуларынын аркасы менен ишке ашпай калган. Бирок мунарага барчу электр жарыгы өчүрүлгөн. Бул окуяны Асылбек Текебаев шайлоо алдындагы эркин маалымат каражатынын үнүн басуу катары баалады. Сот чечими чыккан күндө да аны жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү чектелген:

- Мыйзамдуу кагаз көрсөтө алышпады, анткени сот жүрүп жаткан болчу. Сот телевидениенин иши боюнча туура келбеген чечим чыгарган күндө дагы, соттун чечими 30 күндөн кийин гана өзүнүн күчүнө кирет. Отуздай киши зомбулук менен теленин төрт кароолчусуна күч көрсөтүп, чыккыла деп аткан жеринен “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү, тегеректе жашаган жүздөгөн адам барып, ошол жерде арага түшүп калды. Бул элге акыйкат маалымат берип аткан сыналгыны күч менен оозун жабууга болгон аракет.

«Сентябрь» сыналгысы кечкисин өз көрсөтүүлөрүн обого чыгарып, таңкысын «Азаттык» үналгысынын берүүлөрүн Жалалабат жана Ош облусунун чектелүү аймактарына таркатат. Коңшу облустардын калкы эркин маалыматтарды ушу сыналгыдан көрүп-угууда. Анын ишин токтотууга жасалган аракетке Жалалабат шаарынын тургуну Эргеш Исаков да нааразы. Анын оюнда элдин эркин маалымат алуу укугу бузулууда:

- “Сентябрь” элге аябай керектүү телевидение. Биз качанга чейин КТРди карап отурабыз. Түштүк регионуна маалымат берип аткан телени жапкан атат, бул туура эмес. Бийлик элдин укуктарын бузуп атат.

«Ата мекен» партиясынын мүчөсү Исабек Алдозов аталган окуяга карата тынчсыздануусун билдирди:

- Аябай кысым болуп атат. Биздин “Сентябрь” түштүк тарапка чындык маалыматты жеткирели деп уюшулган. Бүгүн электр жарыгын өчүрүп атат. Күч структуралары печаттайбыз деп келген. Ал жерде эл бар экен, кайра алып калдык.

Телеканалдын ишин токтотууга облустук прокуратура экономикалык иштер боюнча Жалалабат райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылган. Ага байланыштуу сот 3-декабрда телемунарага жер ажыратуу жөнүндөгү «Кара алма» айыл өкмөтүнүн буйругу жокко чыгарылсын жана мунара мыйзамсыз ээлеген жерден көчүрүлүп кетсин деген аныктама, эки күндөн кийин чечим чыгарган. Ишти караган судья Арстанбай Айжигитовдун түшүндүрмөсү боюнча облпрокуратуранын доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган, Текебаевден 455 миң сом өндүрүү жагы четке кагылган. Бирок, жарандык Кодекстин 143-беренесине ылайык аныктама токтоосуз аткарылат деп айтты ал:

- Текебаев Асылбекке Сузак токой бөлүмүнүн жер участкасын пайдаланууга тыюу салынсын деп чечим чыгарганбыз. Токой чарбасы менен Текебаевдин ортосундагы келишим жараксыз деп табылган. Текебаев Асылбек ээлеп отурган жерден мунара жана инженердик имаратты бузуу жолу менен көчүлүсүн дегенбиз.

Облустун милициясы мунарага коомдук тартипти сактоо үчүн жиберилген, деп айтты ички иштер башкармасынын башчысы Нурлан Темирбаев:

- Милиция кызматкерлери ошол жерде тополоң болбосун деп барды. Ага карабастан Асылбек Текебаев мылтыктарын көрсөтүп, коркутуп, сот депарламентинин кызматкерин жаман сөздөр менен сөккөн.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG