Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

АЖЫГА АВТОУНАА МЕНЕН КЕТКЕНДЕР БАР


Кыргыз өкмөтүнүн 2005-жылы чыгарган токтомуна ылайык, Кыргызстандан ажыга учак менен гана алпаруу жагы милдеттендирилип, автоунаа менен барууга тыюу салынган. Ага карабай түштүк тараптан 200дөй зыяратчы ажыга автоунаа менен кеткендиги белгилүү болууда. Өкмөт токтомунун аткарылбаганына өкүнүч билдиргендер да арбын.

Алар биринчи кезекте ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын учак менен алпарчу баасын кымбат көргөндүктөн ушундай кадамга барышкан. Худайберди Эргашевдин айтуусунда, жалпысы 500дөй адам ажыга автоунаа менен барууну каалаган. Бирок, Кыргызстандын мамлекеттик бийлиги кыргызстандык ажыларды автобус менен өткөрбөгүлө деп кошуна республикаларга дайындап койгондуктан алардын жарымынан көбү кайра учак менен бара турган болушуптур. Калгандары ажыга ар кандай жол менен сапар тарткан.

Бул маалыматты Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректиринин Оштогу кеңешчиси Шамшибек Закиров да бышыктады:

- Алар бирден-экиден Казакстанга же Өзбекстанга өтүп туруп, андан ары ар кандай жол менен кеткен деген маалыматтар келип атат бизге.

Белгилүү мусулман дин ишмери, Эл аралык ислам кызматташтыгы борборунун жетекчиси Садыкжан Камалиддин, ажыга алпаруу боюнча Кыргыз өкмөтүнүн токтомун аткарууга жакшылап аракет жасалбай жатканына нааразылыгын билдирди. "Өкмөттүн автоунаа менен ажыга барууга тыюу салган токтому тургандан кийин тиешелүү кызматтагылар ошол токтомдун аткарылышын камсыз кылыш керек эле. Бардыгын четке кагып, айрым адамдар автобус менен алпарабыз деп ачык эле паспортторду жыйнап жүрүшөт. Аларды токтотуш тууралуу эч кандай чара көрүлгөн жок",- дейт Садыкжан Камалиддин.

Шамшибек Закировдун айтуусу боюнча, биринчи кезекте зыяратчылардын коопсуздугун сакташ үчүн аларды автоунаа менен кетирбөө милдети түздөн-түз укук коргоо органдарына жүктөлгөн.

Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук башкармалыгынын дин багытында иш алпарчу жооптуу кызматкери Полот Юсупов жагдай тууралу “Азаттыкка” айтып бериштен баш тартты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректиринин Оштогу кеңешчиси Шамшибек Закиров ажыга автунаа менен кеткен кыргызстандыктар үчүн Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык, облустук штабдары жооп бербейт, анткени Саударабстандын ажылык министрлиги тарабынан Кыргызстанга быйыл да берилген уруксат (квота) 4,5 миң. Ошол 4,5 миң зыяратчыга виза тапшырылып бүттү, алардын баарысы учак менен барышат. Ал эми тиги автоунаа менен өз алдынча бара тургандар – легалдуу эмес. Башка республикаларга барып анан ажыга кетип аткандыктан да алар үчүн жооп бере албайбыз, балким алар Саударабстанга виза ачпай эле кеткен болушу мүмкүн дейт ал.

Эл аралык ислам кызматташтыгы борборунун жетекчиси Садыкжан Камалиддин ажыга автоунаа менен алпарууга тыюу салган Кыргыз Өкмөт токтомунун аткарылбай калышынан улам өкмөткө да, тиешелүү жетекчилерге да ишеним калбады деп эсептейт.

Өткөн жолку ажылык убагында дагы автоунаа менен ажыга барышкандар кийинчерээк белгилүү болгон. Саударабстанга виза ачтырбай кеткендердин көпчүлүгү ажылыктын жол-жоболорун жасабай эле кайткан учурлар да бар. Ал эми өткөн жолку ажылык сапарда автобус менен аэропортко келаткан кыргызстандык ажылар автокырсыкка учурашып, андан 22 адам набыт кеткен. Саударабстандын ажылык министрлиги да Кыргызстандан ажыга учак менен гана келгиле, автоунаачан келбегиле, бизге ашыкча түйшүк ашырасыңар деп дамамат эскертип келет.
XS
SM
MD
LG