Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

10:15 БУУ комитети кыргыз бийлигинин Бишкекте дүйнөлүк тоо саммитин өткөрүү демилгесин колдоду


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2009-жылы октябрда Бишкекте Экинчи дүйнөлүк тоо саммитин өткөрүү демилгесин 7-декабрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын Башкы жыйынынын Экинчи комитети колдоого алды. Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин бул сунушун жактаган БУУнун резолюциясынын долбооруна 64 мамлекеттин өкүлдөрү автордош болду. Эми жакын арада бул резолюция долбоору БУУнун Башкы жыйынынын 62-отуруму тарабынан бекитилүүгө тийиш. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG