Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

14:30 А.Төрөгелдиев: Эдил Байсалов БШКнын кемчиликтерин айтканы үчүн куугунтукка алынууда


Ал саясий көз карашы үчүн жапа чегип жатат, деп билдирди Нарын шаарында түзүлгөн Эдил Байсаловду коргоо комитетинин жетекчиси Амантур Төрөгелдиев. Анын айтымында, жаш саясатчы Эдил Байсаловго байланыштуу ишти укук коргоо органдары тарабынан калыс, адилеттүү иликтенүүсү керек. Дүйшөмбү күнү аталган комитет Байсаловго байланыштуу коомчулукка билдирүү тарата турган болду. СДПнын жооптуу катчысы Эдил Байсалов 7-декабрда кечки саат жыйырмаларда “Ак жол” чекара бекетинен Казакстандын аймагына чыгып кеткени тууралуу чек ара кызматынан билдиришти. Башкы прокуратура Эдил Байсаловго мамлекетке 11 миллион сомдон ашык чыгым алып келди жана БШКнын ишине тоскоолдук кылды деген негиз менен Кылмыш кодексинин 139-173-беренелери боюнча бейшембиде кылмыш ишин козгогон. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG