Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

10-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Астрахань аймагына жер которгон кыргыздар 1775-жылдын 10-декабрында орус императрицасы Екатерина II кат аркылуу кайрылышкан. Атактуу москвалык акын Семен Липкиндин «Манас» эпосунун орусча котормосунун айрым үзүндүлөрү 1944-жылдын 10-декабрында Фрунзелик маалымдоо каражаттарында жарыяланды.

Жунгарлардын батышка сүрүлүшүнөн улам Россиянын Астрахань аймагына жер которгон кыргыздар 1775-жылдын 10-декабрында орус императрицасы Екатерина II кат аркылуу кайрылышкан. Кыргыздардын катында, жунгарлардын сүргүнүнө чейин алар Теңир тоонун Аксуу жана Анжыян жерлеринде жашагандыгы, башында алар Кытайлардын жалпы башкаруусундагы калмактардын Хон тайшисине баш ийгендиги кабарланат. Алар адегенде калмак коңтайшисине кушчулук кызматты аркалашкан. Кытай мамлекети 1758-жылы калмактарды талкалап, Чыгыш Түркстанга киришкенде кыргыздар калмактар менен кошо Россия империясынын Борбордук аймагына качышкан. Кыргыздар Астраханга жер которушкандан кийин алар Хажи Тархан башкарган мусулмандар жашаган аймакка бөлүнүшкөн. Андан соң алардын маселеси Астрахань губернатору Бикетовдун колуна өтүп, губернатор кыргыздарга опсуз кыйноолорду көрсөткөн. Кыйноо азабын чеккен кыргыздар Екатерина II акыйкаттык үчүн арачы түшүшүн өтүнүшкөн.

Атактуу москвалык акын Семен Липкиндин «Манас» эпосунун орусча котормосунун айрым үзүндүлөрү 1944-жылдын 10-декабрында Фрунзелик маалымдоо каражаттарында жарыяланды. Семен Липкиндин котормосу Манастын Бээжинге жасаган чапкынын чагылдырган «Чоң казат» окуясынан алынган. Айтылуу акындын котормосундагы, «Искендердин буту баспаган Бээжин, кыргыздарга капкасын ачты. Кабылан Манас ошондо керилип такка отуруп Бээжиндин ханы болду» деген саптар окурмандардын купулуна толгон.

Москва шаарынан келген Революция театрынын пролетардык баянчы артист А. Донской 1928-жылдын 10-декабрында Фрунзе шаарында конкурс уюштурду. Москвалык артист жергиликтүү баянчы-комсомолдор арасында мелдеш өткөрүп, жеңүүчүлөргө жеке каражатынан 10дон 30 рублге чейинки көлөмдө сыйлык тапшырган.

СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын ленинграддык Мамлекеттик Эрмитаж менен биргелешип чыгарган «Кыргыз улуттук оюлары» аттуу көркөм китеби 1948-жылдын бул күндөрү окурмандардын колуна тийди. Альбом үчүн Кыргызстандагы материалдарды сүрөтчү М. Рындин чогултуп, Китептин баш сөзүн айтылуу окумуштуу А. Н. Бернштам жазып, жалпы редакторлукту ленинграддык академик И. Орбели жасаган.
XS
SM
MD
LG