Мындай пикирин өлкөдөгү ун өндүрүүчү ишканалардын бири- “Акун” компаниясынын жетекчиси Чыныбай Турсунов “Азаттыкка” билдирди. “Ушул тапта буудайдын баасы 12 сомго чейин төмөндөп, ун баасы да түштү. Акыркы айлардагы азык-түлүктун кымбаттоосу он жылда бир жолу болуп турчу көрүнүш. Эми коңшу Казакстанда буудайдын түшүмү мыкты болуп, дандын дефицити күтүлбөйт,демек ун дагы кымбаттабайт”,- дейт Ч.Турсунов.(AiJu)