Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:14

13:55 «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясын сотко беришти


Коалициянын аткаруучу директору Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, “Биримдик” (“Единение”) жана “Көз карандысыз юрист-окумуштуулар” коомдук бирикмелери соттон “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын ишин токтотуу жана анын эсептерин камакка алууну өтүнүшүүдө. Алар коалицияга шайлоо тууралуу туура эмес маалыматтар жазылган баракчаларды таратууда деген кине коюуда. Коалиция тараткан маалымат баракчаларында добуш берүү күнүндө шайлоочулар кошумча тизмеге кире алат деп жазылып калган. Ал эми Шайлоо Кодексинде шайлоочулар тизмеден чыккандыгын ырастаган талон менен гана кошумча тизмеге киргизилет деп көрсөтүлгөн. Коомдук уюмдар соттон ошондой эле коалицияны жана баракчаларды басып чыгарууга жардам берген ЕККУну ката кетиргендиги үчүн ММКлар аркылуу кечирим суроону милдеттендирүүнү суранышууда. Д. Ошурахунова муну шайлоого байкоо салуудан коалицияны четтетүү аракети катары баалоодо. Коалицияга каршы доо арызды Биринчи май райондук соту эртең карайт. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG