Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

15:53 УТРК “Атамекен” партиясынын арызы боюнча соттун чечимин аткарбай жатат


“Ата мекен” партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым өкүлү Чолпон Жакупова “Азаттыкка” билдиргендей, УТРК партияга кечки убакытта (прайм-тайм) эфир берүүдөн баш тартуу менен Ленин райондук сотунун чечимин аткарбай жатат. “Канал бизге 18.00дөн 19.30гө чейинки убакытты бөлүп берди. Ал эми биз саат 20.00дөн 23.00гө чейинки убакытты сураганбыз. УТРК кечки убакытта эфир берүүдөн баш тартышын көзөмөл арыз менен жогорку инстанцияга кайрыла тургандыгы менен түшүндүрүүдө”, дейт Ч. Жакупова. Анын айтымында, соттун чечими ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Ал эми бул маселе боюнча УТРКнын башкы директору М. Эшимканов ооруканада жаткандыгына байланыштуу жооп бере албай турганын билдирди. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG