Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

16:01 «Ак жол» партиясы менен жолугушуу болот деп Байтик айылындагы мектепте окуучуларды таратып жиберишти


Бул туурасында Байтик айылындагы бир катар ата- энелер «Азаттыкка» билдиришти. Алардын айтымында бүгүн «Ак жол» партиясынын өкүлдөрү Акматбек Сүйүнбаев атындагы орто мектепке келип өздөрүнүн үгүттөө иштерин жүргүзгөн. Ошол себептүү окуучулар эки сабактан кийин эле таратылып жиберилген. Бул жергиликтүү бийликке атайын берилген буйрукпу же алар өздөрү ушундай аракет көрүп жатышабы деп нааразы болуп жатышат кайрылгандар. Ал эми Байтик айыл башчысы Салтанат Жумашева имаратын жоктугунан жолугушуу мектептин залында өткөнү чын, бирок жолугушуулар сабактарга таасир бербегендей кылып өткөрүлүүдө деп билдирди. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG