Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

МОСКВАЧЫЛ ЧЕЧЕН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ОЙЛОП ТАПКАН “ЭЛДИК ИСЛАМ” САЯСАТЫ


Чеченстандын москвачыл президенти Рамазан Кадыров 2007-жылдын мартында бийликке келгенден тарта чечендерге ылайыктуу “элдик исламды” жайылтууга шымалана киришти. Кээ бир байкоочулар бул өнөктүктү суфизмдин чечендер арасында жайылган тарикатын вахабизмге каршы коюу аракети деп мүнөздөштү. Бирок, экинчи бир талдоочулардын пикиринде, суфизм, вахабизм сыяктуу эле саясый күрөштүн куралы ирети колдонулмакчы.

Чеченстандын москвачыл өкмөтү айткан “чечендер үчүн салтуу” же “элдик ислам” радикалду исламга каршы күрөшүү максатында ойлоп табылып, 2005-жылдын башында коомчулукка ырасмий түрдө жарыя кылынган. Бийликтердин түшүнүгүндө, радикалдуу ислам көптөгөн чечен жаштарынын козголоңчулардын катарына кошулуп кетүүсүнө себеп болгон.

“Азаттык” радиосунун Түндүк Кавказ кызматынын директору Аслан Дукаевдин айтымында, Чеченстандын азыркы президенти Рамазан Кадыров “чечен ислам” саясатын жүргүзгөнү менен, анын маңызын түшүнбөйт:

- Рамазан Кадыров салттуу ислам деп өз ата-бабалары карманган динди түшүнөт. Бул кадырыя тарикаты, суфизм, мюризм. Бул тарикаттын негизги ритуалы-адамды Кудайга жакындатчу зикр. Чын-чынына келгенде, Кадыров суфизмди түшүнгөн жок. Суфизм жалаң эле зикр чалуу эмес. Бул руханий дүйнө. Кадыров суфизмдин сырткы белгилерин гана кабыл алып, анын маанисин түшүнгөн жок.

Чечен жетекчилиги “салттуу ислам” деп, Орусиянын бийлигине жана Рамазан Кадыров башындагы өкмөткө ыклас кылган динди тааныйт:

-Москвачыл жетекчилик салтуу ислам деп, орусиялык бийликке жана учурда республиканы башкарып жаткан чечен өкмөтүнө ишенимдүү динди билет. Бул орусиячыл ислам агымы.

Рамазан Кадыров “исламга жат көрүнүш” катары кумар оюндарына, арак- шарап ичимдиктерине тыйуу салган. Өкмөттүк мекемелерде иштеген аялдар, бардык окуу жайлардын кыз- келиндери жоолук салынсын, узун көйнөк кийсин деп буйруган. Кадыровдун “ыймандык билим берүү” программасына жараша театр сахналарында коюлган оюндар, аткарылган ырлар мазмуну жагынан чечендердин каада- салтына ылайык болуш керек.

Өкмөт чечендер үчүн “ыйык саналган” Кунта ажынын энесинин күмбөзүнө сыйынууну да көзөмөлгө алган. Аслан Дукаевдин сөзүнчө, Кадыровдун “бул жосунун” Москва оң тапкан сыяктуу:

-Себеби, Москва Чеченстандын жаңы жетекчилигине өтө чоң үмүт арткандыктан, ага көз каранды десе болот. Кадыров жана анын күчтөрү Чеченстанда Орусияга зарыл тартипти орнотуу үчүн өтө көп иштерди аткарды. Ошон үчүн Кремль Кадыровго милдеткер. Ушул жана башка себептерден улам Москва Кадыровдун диний табылгаларына көздү жумуп койууда.

XS
SM
MD
LG