Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

9-декабрда Түркмөнстандын мыйзам чыгаруу бийлиги - Халк Маслахатындагы бош орундарга шайлоо болду. Шайлоочулар Элдик кеңештин Ашхабад шаардык жана облустук органдарынын мүчөлөрүн 596 талапкердин ичинен тандашты. Ырасмий маалыматтар боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын 80 пайыздан көбү катышты. Шайлоо өнөктүгү кадыр барктуу эларалык байкоочуларсыз өттү.

Түркмөн бийликтери добушканалар ачылгандан кийинки эки сааттын ичинде шайлоочулардын төрттөн бири добуш бергенин маалымдашты. Эртелеп шайлоо участкаларын кыдырып чыккан “Азаттыктын” кабарчысы Халмурат Клычдурды добуш берип жаткан бирин-серин гана адамдарды жолуктурган:

-Ашхабаддын шайлооканаларында кээ бир мыйзам бузууларга күбө болдум. Мисалы, шайлоочулардын ысымы калем менен жазылып жатты. Шайлоо комиссиялары шайлоочулардын паспортун сурабастан, алардын айтканы боюнча тизмени толтуруп: “Биз сага ишенебиз, паспортуңду көрсөтүүң шарт эмес”,-деп айтканын бир нече жерде уктум. Ошентип, бир киши үйбүлөсү үчүн паспортсуз эле добуш берсе болот.

Жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашынча, талапкерлер негизинен өлкөдөгү жападан жалгыз мыйзамдуу партия- Түркмөнстан демократтык партиясынан, ошондой эле Жаштар лигасы менен Аялдар союзунан болду.

Халк маслахаты Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурад Ниязов түзгөн өзгөчө орган. Анын 2,5 миңдей мүчөсү төрт жылга шайланып, 50 орундуу парламент менен чогуу президент сунуш кылган мыйзамдарды “лам” дебей бекитип келет. Халк Маслахаты, маркум Ниязов 2003-жылы айткандай, башка эч бир өлкөдө жок орган:

-Биздин парламент дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү парламенттерден кескин айрымаланып турат. Конституцияга ылайык, Халк Маслахаты негизги мыйзам чыгаруучу орган. Парламенттин бирден бир иши Халк Маслахаты үчүн мыйзамдарды жазып, даярдоо.

Облустук жана Ашхабад шаардык Элдик кеңешинин жаңы шайланган мүчөлөрүнүн негизги вазийпасы Халк Маслахатынын жылына бир ирет өтчү жыйынына катышуу.

Ырасмий бийликтер- Халк Маслахаты жергиликтүү бийликтерди эл менен байланыштырып, коомдогу саясый стабилдүүлүккө жана улуттук мунасага өбөлгө болот дейт.
XS
SM
MD
LG