Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

БИЙЛИКЧИЛ «БИРДИКТҮҮ ОРУСИЯ» ПАРТИЯСЫНЫН ЖЕҢИШИ ЫРАСМИЙ ТҮРДӨ БЕКИДИ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын Борбордук шайлоо комитети ишемби күнү Мамдумага депутаттарды тандоонун жыйынтыгын ырасмий жарыялады. Жыйынтыкка ылайык, бийликчил «Бирдиктүү Орусия» 64 пайыз добуш менен парламенттеги орундардын 315 орунун ээледи. 11 пайыз добуш чогулткан коммунисттерге 57 орун жана 8 пайыз чогулткан ЛДПР 40 орун тийди. Жети жарым пайыз добуш тапкан «Адилет Орусия» 38 орунга ээ болду. Алар менен чогуу шайлоого катышкан 7 партия эки жарым пайыздан ашпаган добуш чогултушкан. Оппозиция менен батыш өлкөлөрү жана кайсы бир эл аралык уюмдар шайлоонун жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар болгонун белгилешүүдө.

Орусиянын БШКсы өлкөдө Мамлекеттик Думанын бешинчи чакырылышына депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Ырасмий, ошол жыйынтыкта бекеттерге келгендер эсеби жалпы шайлоого укуктуу атуулдардын 63,7 пайызын түзгөнү белгиленет.

Коммунисттер жетекчилиги «Бул шайлоо адилет өткөн жок, эркин болгон жок, эл аралык демократиялык үлгүдөн алыс болду, ошол себептен анын жыйынтыгын тааныбай, аны бузуу керек» - деп чыгышты. Ал эми БШК болсо шайлоонун жүрүшүн 2 миллиондон артык орусиялык жана 299 эл аралык байкоочулар көзөмөл салды, андыктан ак өттү деп айтууда.

Алдыңкы күнү Кремлдик партия өткөргөн олтурум үстүндө «Бирдиктүү Орусия» алган багытынан тайбай тургандыгын анын лидери Борис Грызлов билдирди:

Биз «Бирдиктүү Орусия» партиясынын негизинде мындан аркы төрт жыл ичи Владимир Путин алган багытын турмушка ашыруу үчүн күч жумшайбыз

Ал эми чет мамлекеттик агенттиктер таркаткан маалыматтарда, келе жаткан аптада, Евробиримдикк кирген өлкөлөр тышкы иштер министрлеринин олтурумунда Мамдумага депутаттарды тандоодо орун алган мыйзам бузууларды талкуулашмакчы.
Шейшеби күнү АКШнын президенти Жорж Буш да Орусияда парламентти шайлоонун өтүшүнө кабатыр болгонумду орусиялык жетекчиликке билдирдим деген. Анализчилер арасы болсо Маскөө Мамдуманы тандоо учурун нагыз 2008-жылкы президентти шайлоонун машыгуусуна айлантты дешет.

Буга дейре ал жогорку орунду талашууга ниети бар экендигин Г. Зюганов, Г. Явлинский, Б. Немцов, В. Жириновский, В. Геращенко, В. Буковский жана Н. Курьянович билдиришкен.

Бул күндөрү президенттике талапкер боломун дегендерди тизмеге алуу башталды. Маселен, ишемби күнү Орусиянын элдик-демократиялык бирикмесинин жааты өз лидери, мурдагы өкүмөт башчы Касьяновду талапкер кылып көргөзүштү. Ал жерде айткан кебинде Михаил Касьянов: «Биз же цивилизациялуу европалык мамлекет курууга өтөбүз же тоталитардык капканы карай жылмышуубуз улана берет»,-деди.


Жекшебиде ГКЧП төңкөрүшүнө катышкан эски коммунист Олег Шенин да талапкер болуп катталуу үчүн көргөзүлгөнү белгилүү болду.

Талапкерлерди каттоо үстүдө айдын этегине дейре уланат ал эми президентти шайлоо келе жаткан жылдын 2 мартында өтөт.
XS
SM
MD
LG