Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

РОЗА ОТУНБАЕВА: БАЙСАЛОВДУН ИШИНЕ ШАЙЛООДОН КИЙИН КАЙРЫЛАБЫЗ


Бурулкан Сарыгулова , Бишкек Социал-демократтар партиясы Эдил Байсаловго байланышкан чыр-чатакты териштирүүгө парламенттик шайлоодон кийин киришет. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Роза Отунбаева «Азаттыкка» билдирди. Бул аралыкта БШК бюллетенге кеткен чыгымдар үчүн СДПга 20 миллион сомдон ашык доо коюуга камданып жатат. БШКнын келерки отурумдарынын биринде партияны биротоло шайлоо жарышынан алып салуу демилгеси көтөрүлөрү да күтүлүүдө.

Эки күн мурун Бишкектен Алматыга үй-бүлөсү менен чыгып кеткен Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдон азырынча кабар жок. Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун кечээ Байсалов чет өлкөлөрдүн бирине баш паанек суроо үчүн кеткендиги тууралуу маалымат тараткан болчу. Турсунбек Акун бүгүн «Азаттыкка» бул танылгыс маалымат деп дагы бир ирет тастыктады:

- Жергиликтүү элчиликке барган. Элчиликтин өкүлдөрү «Ак жол» посттон барып узатышкан. Ошолор менен жолугуштук, сүйлөштүк. Бирок, алар азыр этикалык жагын эске алып айтпай кое тургула дешти, баш паанек сурады дешти.

Байсаловдун Алматыдагы чет өлкөлүк элчиликтерге баш паанек сурап кеткендиги тууралуу маалыматты бүгүн алгачкылардан болуп партиянын саясий лидерлеринин бири Роза Отунбаева төгүндөдү:

- Эдил эки күн Алматыга кетсе, Кыргызстандын баарына момунтип кыйкырып, чуу салып атышат качты деп. Эдил өтө эле олуттуу саясий фигура, жаш баладай болуп кетип калбайт. Келет мына. Биздин партиянын лидеринин орун басары.

Роза Отунбаеванын билдиргенине караганда, шайлоо бүткөнгө чейин бюллетень чатагына кайрылууга партиянын убактысы жетпейт:

- Эдилдин ишин тыгыз караганга эч кимдин колу тийбей атат го. Жетишпей атабыз. Күнүгө тияк-биякка көп чыгып атабыз.

Отунбаева Байсаловду сот аркылуу коргоп алууга партиянын кудурети жетет дейт. Анын пикиринде бюллетень чуусу СДПнын ментин тайытуу үчүн атайылап көтөрүлдү жана мындай аракеттер партия лидери Алмаз Атамбаевди өкмөт башчылыктан кетирүүдөн башталган.

СДПны шайлоо жарышынан чыгарууну талап кылып жаткан БШК мүчөлөрүнүн бири Жылдыз Жолдошева болсо бул маселени келерки отурумда кайра көтөрүүгө камданып жатат. Байсаловдун ишин караган отурумда бул демилге колдоо таппай калган:

- Кичине эле техникалык каталары менен он партияны алып салышпадыбы. Шайлоо кодексте 28-берененин 7-пункту боюнча бардык мыйзам бузууларга партия жооп берет. Республикалык деңгээлдеги «чп» болбодубу. Биз эмне буларга оюнчукпузбу?

БШКнын сунушунун негизинде Байсаловго каршы козголгон ишти учурда Бишкек шаардык прокуратура тергеп жатат. Эми БШК СДПдан бюллетень чыгымдары үчүн 20 миллион сомдон ашык каражат өндүрүү үчүн райондор аралык сотко кайрылганы турат. БШК төрайымы Клара Кабилова «Азаттыкка» ушинтип билдиргени менен, ал качан ишке ашары бейдарек. Борборшайлоокомдун укук бөлүмүнүн башчысы Мирбек Акматов мындай тапшырма бөлүмгө бериле элек деп билдирди.

Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун социал-демократтар партиясын шайлоодон БШКнын колу менен алып салуу үчүн бийлик катуу кам көрүп жатат деген дооматты четке какты. Анын оюнда, Борбор шайлоокомдун ичиндеги айрым пикир келишпестиктер ар кандай жоромолдорду пайда кылууда:

- Кабилованын башын аттаган кээ бир адамдар бар да. Мүчөсүмүн деп, көрүнгөн жерде эшик кагып жүрөт бу акүйдө. Биз аларга эскертип атабыз, борборшайлоокомдун бир эле жетекчиси бар. Ошол аркылуу болуш керек бардык нерсе.

Эдил Байсаловду БШК бюллетендин түп нускасын мөөнөтүнөн мурда коомчулукка жарыялап жиберди деп, партиянын талапкердик тизмесинен чыгарып туруп, баш прокуратурага кайрылган. Баш прокуратура Байсалов мамлекетке 11 миллион сомдон ашык чыгым келтирди деп, 6-декабрда кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG