Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

ТҮРКИЙ ЭЛДЕРДИН ОРТОК ЖАЗУУ ТИЛИ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ


Аким Өзгөн Борбор Азий инфляцияны ооздуктай алабы? Түркий тектеш жумуруяттардын орток жазуу тилин түзүү мүмкүнбү? Батышта чыккан басылмаларда ушул маселелер талкууланууда.

Казакстандын 2010-жылда ЕККУга жетекчилик кыла турган болушу Лондондо чыгуучу The Еconomist журналынын кийинки санындагы бир макалага негиз болгон. ЕККУнун Мадриддеги жыйынында кабыл алынган бул чечимди Казакстанда мамлекеттик катчы Канат Саудабаевдин “Кудай таала казак элине ыроологон Нурсултан Назарбаевди 1991- жылда ажолукка шайлаган казак элинин даанышмандыгынын натыйжасы” деп айткан сөздөрүн мисал келтирип, журнал аны сынга алган. “Казакстандын авторитардык мамлекет башчысына ушундайча ашкере кошомат кылуу саясий зоболонун өсүшүнүн алдыңкы шарты болушу мүмкүн, бирок бул-адам укуктарынын сакталышына жана шайлоолордун адилет өтүшүнө көзөмөл жүргүзүүчү 56 мүчөлүү ЕККУну башкара турган бир өлкөдөн күтүлө турган көрүнүш эмес”,- деп белгилейт The Еconomist.

Eurasia View аталган вeбсайтта жарыяланган ири макалада Борбор Азия жана Кавказда өкүмөттөр инфляция менен күрөшүүнүн эскиче ыкмаларын колдонуп жатышкандыгы айтылган. “КМШга мүчө өлкөлөрдөгү сезилердик экономикалык өсүштөргө карабастан, алкынып жаткан инфляциянын айынан бул өлкөлөрдө коомдук туруктуулука коркунуч сакталып кала берүүдө, жана бул коркунучтарды жоюш үчүн катуу каржылык саясат талап кылынат. Бирок көптөгөн өкүмөттөр, баалардын кескин өсүшүнүн тушунда, азык-түлүк бөлүштүрүүнүн советтик үлгүдөгү ыкмаларын колдонуп жатат” деп Эл аралык акча кору менен башка эл аралык каржы уюмдары жасаган эскертүүлөр камтылган макалада бул жагдайга үлгүлүү мисал катары Кыргызстандагы абал көрсөтүлгөн.

Түркиялык басма сөздөрдө президент Абдуллах Гүлдүн Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапары кең кесири талкууга алынууда. Turkish Daiy News гезитинин жума күнкү санында жарыяланган бир макалада президент Абдуллах Гүлдүн Түркмөнстандын жаңы жетекчилигинин тышкы саясатындагы иштиктүү өзгөрүштөрдү жогору баалаганы билдирилип, Гүл кийинки 7 жылдын аралыгында Түркмөнстанга келген алгачкы түрк президенти экени баса белгиленген.

Zaman гезитинин соңку санында чыккан бир макалада президент Гүл Азербайжан жана Грузиядан кийин Түркмөнстанга барганы билдирилет. Анда Президент Гүл өзүн коштоп Ашхабадка барган түркиялык илимий ишмерлерден түркий тектеш жумуруяттардын ортосунда ич-ара байланышты жеңилдештирүүчү орток алиппе тууралуу маалымат алган. Илимпоздор 34 тамгадан турган жана латын тамгасына негизделген орток жазуу тилин сунуш кылып, түрк тилдүү элдердин президенттеринин саммитинин чегинде ‘Түрк Дүйнөсү Башкы Секретариатын’ түзүү пикирине президент Гүлдүн сүрөөнчү болуп берүүсүн өтүнүшкөн.

Лондондун Financial Times гезитинде чыккан бир макалада, “Орусиянын Борбор Азияда улам кулач жайып бараткан энергетика долбоорлорунун кырында Кытай дагы бул аймакта соода жана аскерий технология тармагында өзүнүн таасирин сездире баштады” деп жазылган. “ШКУга мүчө Кытай Орто Азия жумуруяттары менен тыкыз байланышта” деп белгиленген макалада, Бейжин Москванын бир эле учурда атаандашы жана өнөктөшү болуп калганы бышыкталат.
XS
SM
MD
LG