Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 12:38

19:00 Ысыккөл районунда ата-энелерди “Ак жол” партиясына үгүттөп айрым мектептерде мал союлганы айтылууда


Бозтери айлында Жээнбаев атындагы мектепке 10-декабрда дасторкон жайылып, ата-энелер чакырылган жерге барып, тойдун шаанисин мектеп директору Жаныш Сулаймановдон сураганыбызда, губернатор берген 10 компьютерди майлап жатканын айтышты. Бирок муну ичкилик менен каалоо айтып аткан ата-энелер тастыктаган жок. Ал эми ушул мектепте жайгашкан 31-шайлоо участкасынын төрагасы Канат Абдылдаев, катчысы Токтогул Жапаров элге бодо мал союлганын да ачыктады. Бул мектептин директору Жаныш Сулайманов “Ак жол” партиясынан райондук шайлоо комиссиясына мүчө болгонуна карабай, 31-шайлоо участкасы жайгашкан мектепке “Ак жол” партиясынын штабын ачып, бирок тиешелүү органдар тарабынан мыйзам бузганы үчүн жабылып, мүчөлүктөн дагы чыгарылган эле. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG