Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

КОСОВОНУН ҮЙҮТҮ - КИПРДИН КҮЙҮТҮ


Евросоюздун тышкы иштер министрлери Брюсселде Косово проблемасын талкуулап жатышат. Провинциянын статусу тууралуу бир жаңсыл чечимге келүү үчүн Улуттар Уюму белгилеген акыркы мөөнөт бүгүн аяктайт. Косоволук албан лидерлери 10-декабрдан кийин провинциянын көз карандысыздыгын жарыялашарын айтышкан. Аларды АКШ колдоодо, ал эми Евросоюздун өлкөлөрү азырынча так кесер пикирге келише элек. Косово проблемасын бүгүн Коопсуздук Кеңеши да талкуулоого киришет.

Косовонун статусу боюнча Евросоюз өлкөлөрү арасында буга чейин бирдиктүү позиция жок болчу. Испания,Словакия жана Румыния өздөрүнүн улуттук азчылыкты түзгөн тайпаларынан чочулап, аларга да косоволуктардын үйүтү жугушу мүмкүн деп кооптонуп келишкен. Греция менен Болгария болсо сербиялык диний мазапташтарына -православдарга жан тартып жүрүшкөн.

Брюсселге бүгүнкү жыйынга келип, Евросоюздун тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана жалпы биримдик ичинде бир беткей пикир айкын боло баштаганын, шаркеттин мүчөлөрү өздөрүнө жоопкерчиликти алып,бу маселеде бүгүн бирдиктүү позицияга келишерине ишенич билдирди.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт проблема көпчүлүк ойлогонго карагандан да алда канча татаал экенин белгиледи. Балкандагы баракатчылыкка кайра бүлүк түшүү мүмкүндүгү бар экенин эскертип,швед министри Евросоюз өлкөлөрүн 1990-жылдардын башындагыдай ич ара бөлүнүп-жарылып, ошондогу катачылыгын кайталагандан этиет болууга чакырды.

Өткөн аптанын этегинде Британия, Германия, Италия жана Франция тышкы иштер министрлери бүгүнкү жыйынды утурлап,биримдиктин бардык мүчөлөрүнө атайын кат менен кайрылышкан эле. Документте Косовонун статусу “тез арада чечилиши зарыл”, провинциянын келечеги - “Евросоюздун башкы жоопкерчилиги болуп калышы керек” деп белгиленген.

Жогорку даражалуу дипломаттар Косовонун көз карандысыздыгын тааныганга Кипр өзгөчө каршы болуп жатат дешет. Никосия Приштинанын үйүтүн Түркия пайдаланып кетиши мүмкүн деп күйгүлтүк тартууда. Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн да кокус Косовонун көз карандысыздыгы таанылса,анда “Кипр чоң проблемаларга туш болорун” белгиледи.

Евросоюзга кирген 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери бүгүнкү жыйында Косовонун көз карандысыздыгын жарыялоо келечегине байланыштуу шаркеттин жалпы позициясын аныктаганга аракет кылышмакчы. Бирок жыйында эч кандай чечим кабыл алынбайт.

Айрым маалыматтарда Косовонун көз карандысыздыгын эмдиги жылы 20-январда Сербияда боло турган президенттик шайлоодон кийин жарыялоо идеясын Евросоюздун көпчүлүк өлкөлөрү эп көрүп жатышканы айтылат. Кандай болгон күндө да НАТОнун он алты миңдей контингенти провинцияда калат.

Эл аралык “үчилтик” – АКШ,Евросоюз жана Россия – акыркы төрт айдын ичинде косоволук албан лидерлери менен Белграддын жетекчилерин бир нече ирет сүйлөшүү үстөлүнө отургузуп, мунаса таптыра албай коюшту. Проблеманы эми Коопсуздук Кеңеши да талкуулоого киришет.

XS
SM
MD
LG