Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:04

«Бирдиктүү Орусия», «Акыйкат Орусия», Агрардык партия жана «Жарандык күч» партиялары биринчи вице-премьер кызматындагы Дмитрий Медведевди президентикке талапкер кылып көрсөтүштү. Бул жөнүндө бүгүн 10-декабрда аталган төрт партиянын өкүлдөрүнүн президент В.Путин менен болгон жолугушуусунда жарыя айтылды. В.Путин Д. Медведевдин талапкерлигин колдой турганын билдирди. 17-декабрда «Бирдиктүү Орусиянын» курултайында Д.Медведевдин талапкерлиги президенттик кызматка расмий түрдө көрсөтүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG