Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Улан Алымкул уулу, Прага Швеция жана Норвегиянын борборлору Стокгольм менен Ослодо бүгүн 2007 –жыл үчүн Нобель сыйлыгын тапшыруу салатанаттары өтүүдө. Салтанат оболу Ослодо башталды. Ал жерде Нобель Тынчтык сыйлыгын АКШнын мурдагы вице президенти Альберт Горго жана климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун эксперттеринин өкмөттөр аралык тобуна ыйгарылды. Ал эми адабият, медицина, химия, экономика боюнча сыйлыктар Стокгольмдан тапшырылат.

Нобель тынчтык сыйлыгына быйыл 181 талапкер көргөзүлгөн эле. Мына ушунчалык сандагы талапкерлердин арасынан АКШнын мурдагы вице-президенти Альберт Гор жана БУУнун эксперттеринин өкмөттөр аралык тобу сыйлыкка татыктуу деп табылган.

Норвегиянын Нобель комитети быйыл 12-октябрдагы жарыясында сыйлык климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун өкмөттөр аралык эксперттик тобу менен Альберт Горго климатта адамзаттын иш аракетинен улам келип чыккан өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты чогултуп, коомчулуккка кеңири жайылтуу жаатындагы аракеттери жана мындай өзгөрүүлөргө каршы
алдын–алуу чараларына пайдубал түзүшкөндөгү үчүн берилип жатканын белгилеген.

Комитет ошондой эле АКШнын мурдагы вице президенти глобалдык жылуулукка каршы чара көрүү зарылдыгы дүйнөдө кеңири түшүнүүгө ээ болушу үчүн башкаларга караганда, балким, эң көп иш жасаган адам экенин да баса көргөзгөн.

59-жаштагы Альберт Гор глобалдык жылуулуктун кесепеттери тууралуу лекцияларды окуган, китептерди жазган, коомдук иш-чараларды өткөргөн. Ал тарабынан тартылган "Ыңгайсыз чындык" атуу фильм эң мыкты документалдык тасма катары таанылып, Оскар сыйлыгына арзыган эле.

Норвегия башкалаасы Ослодо сыйлык тапшыруу салтанатындагы сөзүндө Альберт Гор буларга токтолду:

Демек, бүгүн дагы биздин планетаны курчаган атмосферанын жука кыртышына жылытуучу булганыч заттан 70 миллион тоннаны бөлүп чыгардык. Эртең мындан бир аз көбүрөөк өлчөмдө чыгарабыз. Алардын чогуу концентранциялануусу менен азыр күндөн улам көбүрөөк ысыкты сиңирип жатабыз.

Ал эми климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун өкмөттөр аралык тобунун отчетторунда глобалдык жылуулук адам ишмердигинин натыйжасы экени айтылып, мунун айныксыз далилдери келтирилген болчу. Отчет авторлору ошондой эле климаттын өзгөрүшү эгер алдын алынбаса, адамзат үчүн орду толгус кесепеттерди алып келерин эскертишет. Эксперттер тобунун жетекчиси, индиялык окумуштуу Ражендра Пачаури өз сөзүндө буларды белгиледи:

Эгер биз жаратылыш ресурстарын коргоонун зарылдыгын жээрий берсек, бул адамзат жана Жерди байырлагандардын баары үчүн өтө опураталдуу болушу мүмкүн. Тарых көптөгөн сабактарды тартуулаган. Алар хаос жана талкалануу жаратылыш ресурстарынын уланып жаткан эрозиясына биздин көңүл коштугубуздун натыйжасы экенин эскертүүдө. Илим бизге климат гана өзгөрүп жатканын айткан жок, булганыч газдар бүгүн стабилдешкен шартта да, деңиз деңгээли көтөрүлөрүн жана аба –ырайы дагы жылый турганын каңкуулоодо.

БУУнун эксперттер тобунун эсебинде, азыркы жарян улана берсе глобалдык орточо температура келерки жүз жылдыкта 6,4 градуска көтөрүлүшү мүмкүн. Температуранын мынчалык өсүшү Артиканын муздары эрип, деңиз деңгээлинен ылдый турган жээктерди каптоосуна, толкундар менен тропикалык бороон-чапкындын азыркыдан да катуурак болуусуна алып келиши мүмкүн.

Ар бир номинация Нобель сыйлыгынын быйылкы өлчөмү 10 миллион швед крону же 1,5 миллион АКШ долларына барабар. Лауреаттар акчадан тышкаары Нобелдин сүрөтү түшүрүлгөн алтын медаль жана дипломду да алышат. Швециялык өндүрүшчү Альфред Нобель атындагы сыйлык ыйгарыла баштаганына быйыл 106 жыл болду.
XS
SM
MD
LG