Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Улан Алымкул уулу, Прага Бүгүн – Эл аралык тоо күнү. Кезинде Кыргызстан Улуттар уюму тарабынан 2002-жылдын Эл аралык тоо жылы деп жарыяланышына демилгечи болгон эле. Тоо күнү бүгүн Бишкекте да белгиленип, анын алкагында эл аралык конференция өткөрүлмөкчү. Уюштуруучулардын айтымында, анда алгачкы тоо саммитинен кийин аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылат.

Тоо Жер планетасынын үстүңкү катмарынын төрттөн бир бөлүгүнө жакынын ээлейт жана дүйнө калкынын дээрлик 10%нын үйү катары эсептелинет. Ал ошондой эле жан –жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көптөгөн уникалдуу түрлөрү үчүн корук катары да саналат. Мындан да маанилүүсү - Жердеги негизги дарыялардын баары үчүн суунун булагы. Маселен, бүгүн адамзаттын жарымы тоонун жаратылыш ресурстары, биринчи кезекте суу ресурстарына көз каранды. Андыктан, эл аралык тоо күнүн белгилөөнүн зарылдыгы анын жашоо үчүн канчалык маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында жаралган эле.

11-декабрды Эл аралык тоо күнү деп жарыялоо жөнүндөгү чечимди Улуттар уюму 2003-жылы, эл аралык тоо жылы белгиленгенден кийин кабыл алган. Ал эми эл аралык тоо жылын өткөрүү жөнүндөгү демилгени Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев оболу 1996-жылы Бишкекте болгон эл аралык конференцияда көтөргөн эле. 2002-жылдын октябрында Кыргызстан биринчи глобалдык тоо саммитинин конок ээси болгон. Анын алдында 2002-жылдын сентябрында Түштүк Африканын Йоахеннесбург шаарында өткөрүлгөн жыйында толуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү үчүн эл аралык өнөктөштүк түзүлгөн. Бул бирикмеге азыр 48 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да мүчө. Мындан сырткары өкмөттөр аралык 15 уюм жана дүйнө боюнча 85 бейөкмөттүк уюм кирет.

Эл аралык тоо күнүн быйылкы темасы - "Өзгөрүү алдында: Тоолуу аймактарда климаттын өзгөрүүсү" деп аталат жана дүйнө өлкөлөрүндө бул багытта түрдүү иш чаралар уюштурулмакчы. Эл аралык тоо күнү Кыргызстанда "Бишкек +5: Тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнүн проблемалары жана келечеги" деген аталыштагы конференция менен белгиленген жатат. Тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын улуттук борборунун директорунун орун басары, профессор Кулубек Бөкөнбаев конференция тууралуу бизге буларды билдирди:

-Биринчи тоо саммитинен кийин кандай иш аткарылды, дагы эмне кылыш керек деген маселе боюнча талкуу жүрөт. Анын жыйынтыгын биз Улутттар уюмуна жөнөтөбүз. Эми көп нерсе өзүбүздөн. Бир нерселер аткарылбай калган болсо, ал биздин күнөөбүз.

Эл аралык Тоо жылы белгиленгенден бери Улуттар уюму тарабынан жети резолюция кабыл алынган. Анда негизинен дүйнөлүк коомчулукту тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү чакырыктары айтылган. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук борбордун директорунун орун басары Кулубек Бөкөнбаевдин пикиринде, быйыл кыргыз коомчулугунда колдоо таппай калган, тышкы карыздан кутулуунун ХИПК программасы да тоо маселеси боюнча кабыл алынган эл аралык документтердин шарапаты эле:

-Кыргызстанга, өзүңөр билесиңер, ХИПК программасына кирсеңер, тышкы карызыңарды кечип берелик деген демилге болгон. Бирок, тилекке каршы бул ар кандай себептер менен өтпөй калды.

Кыргызстан азыр экинчи тоо саммитин өткөрүүнү сунуш кылууда. Бул демилгени соңку ирээт кыргыз тышкы иштер министри Эднан Карабаев быйыл октябрда, БУУнун башкы ассамблеясынын 62-сессиясында көтөргөн:

-Олуттуу ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө карабай толуу аймактар жашоонун деңгээлине жана сапатына байланышкан маселелерди биринчи кезекте чечүүгө муктаж. Буга байланыштуу Кыргыз республикасы экинчи тоо саммитин өткөрүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Ал тоолуу райондордун туруктуу өнүгүүсү боюнча саясатты жана эл аралык укуктук норманы биротоло аныктоого мүмкүндүк берет.

Тышкы иштер министрлигинин өткөн аптадагы маалыматына караганда, Кыргызстандын бул сунушу БУУнун башкы ассамблеясынын экинчи комитети тарабынан колдоо тапты. Экинчи тоо саммитин 2009-жылдын октябрында Бишкекте өткөрүү белгиленүүдө. 64 мамлекет авторлош болгон резолюция эми БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилиш керек.
XS
SM
MD
LG