Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

9:15 Социал-демократиялык партия сотто Башкы прокуратуранын доо арызын жокко чыгарууга аракеттенет


Бул тууралуу партиянын БШКдагы расмий өкүлү Галина Скрипкина билдирди. Анын айтымында, ал бүгүн райондор аралык сотко келип, Башкы прокуратуранын арызы менен таанышууга аракеттенет. «Доо арыздын мазмуну менен азыр тааныш эмесмин. Бирок биз баары бир анын негизсиз экенин далилдөөгө умтулабыз»,-деп белгиледи Скрипкина. Белгилүү болгондой Башкы прокуратура КСДП партиясынан 20 миллион 238 миң сомду өндүрүп алуу талабы менен кечээ күнү райондор аралык сотко кайрылган. Арыз берүүгө КСДП партиясынын мүчөсү Эдил Байсаловдун аракетинен 2 миллион 700 миң бюллетенди БШК жок кылып, андан мамлекет 20 миллион сомдон ашуун зыян тартышы себеп болгон.(AiT)

XS
SM
MD
LG