Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

“Азаттык” үналгысынын азери кызматынын кабарчысы Илгар Насибов 10-декабрда камактан бошотулду. Насибов мындан төрт күн мурун “жергиликтүү полиция кызматкерлеринин абийирине акаарат келтирген” деген айып менен 90 күнгө түрмөгө кесилген. Журналист Нахичевандагы базарда болгон окуя тууралуу кабарлагандан кийин камакка алынган.

Нахичевандын шаардык соту Насибовго коюлган айыпты негизсиз деп тапты. Ошол эле учурда сот Насибовго жалган жалаа тараткан деген айып менен шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим кабыл алды. Насибовдун өзү болсо, камактан чыккандан кийин сот ага эскертүү бергенин айтты:

Судья бул чечим менин журналисттик тармактагы ишмердүүлүгүмө таасирин тийгизбей турганын айтты. Ошону менен бирге судья “сизге берилген шарттуу бир жыл – сыноо мезгили. Сиз ал учурда жалган маалымат таратып, же кандайдыр бир мыйзамга каршы келген иш жасабашыңыз керек”,-деди. Ал мага бир жыл ичинде журналисттик ишмердүүлүгүмдө эч кандай проблемалар болбошу керек деп эскертүү жасады.

Журналисттин жубайы Малахат Насибованын айтымында, тартип коргоо кызматкерлери прокуратурадан эч кандай документсиз эле, үйүнөн жеке компьютерлерин алып кеткен. “Мага Насибовго кандай айып тагылганын жана ал кайда кармалганын дагы айтышкан жок”,-дейт Малахат.

Илгар Насибовдун камакка алынышын эл аралык коомчулук жана укук коргоочулар кескин сынга алды. АКШнын Мамлекеттик департаменти жекшемби күнү билдирүү тараткан эле. Анда Мамдепартамент Насибовдун камакка алынышына тынчсыздануусун билдирип, Азербайжанда сөз эркиндиги кысымга алынып жатканы айтылат.

Насибов Азербайжанда бул жылы камакка алынган онунчу кабарчы. Журналист Насибов жана анын аялы Малахат - “Азаттыктын” кабарчылары. Алар Нахичевандагы окуялар тууралуу кабарлап турушкан. Өлкөнүн Нахичевань эксклавын Азербайжандын калган бөлүгүнөн Армения бөлүп турат. Региондун жетекчиси Васиф Талибов - президент Илхам Алиевдин жакын тууганы. Байкоочулардын баамында, Талибов барган сайын Нахичеванда репрессивдүү жана жабык режимди түптөп жатат. Бул аймакта оппозициялык маанайдагы активисттер жана көз-карандысыз журналисттерге дайыма кысым көрсөтүлүп келет.
XS
SM
MD
LG