Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

14:51 “Манас” аба майданында түштүк регионуна каттачу учактар учпай токтоп турат


Учактардын Ош, Жалалабат жана Баткенге учпай жатышы аба-ырайынын начар болушуна байланыштуу. Кечээ Бишкек- Ош рейси бүгүнкүгө которулган. Учурда жалгыз гана Ош аба майданы учактарды кабыл алып баштаганын “Кыргызстан” авиа компаниясынын вице-президенти Юсуп Маслянов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда жалпы түштүк региону боюнча туман болуп жаткандыгына байланыштуу Баткендин жана Жалалабаттын аба майдандары учактарды кабыл алууга мүмкунчүлүгү жок. “Манас” аба майданынан өз кабарчыбыз кабарлагандай, эки жүздөн ашуун адам Баткенге жана Жалабатка кете албай, рейсти күтүп отурушат. Ю. Масляновдун айтымында, Баткенге кетчү бүгүнкү рейс бейшембиге жылдырылды. “Эгерде жата турган жери жок адамдар болсо, алар аба майданда биздин өкүлчүлүккө кайрылышса болот. Ал эми билеттерин тапшырууну каалагандар биздин баш кеңсебизге келсе, биз акчасын толугу менен кайтарып беребиз”, дейт Ю. Маслянов. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG