Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

16:35 «Ата Мекен»: ИИМ үн күчөткүч аппараты бар автоунааны пайдаланганга мыйзамсыз тыюу салууда


«Ата Мекен» партиясына ноябрь айында үн күчөткүч аппараты бар автоунаалар менен үгүт иштерин жүргүзүүгө МАИ кызматкерлери жол беришкен эмес. ИИМ жетекчилери Өкмөттүн 5-ноябрдагы №160 Токтомуна таянып жатышканын билдиришкен. «Ата Мекен» партиясы бул токтомдогу чектөөлөр атайын колдонуудагы автотранспорттор үчүн жазылганын, катардагы автоунаалар үчүн жарык жана үн белгилерин пайдаланууга эч кандай талаптар жок экендигин, демек, ИИМдин коюп жаткан чектөөлөрү мыйзамсыз экендигин билдирип, буга чара көрүүнү суранып Башкы прокуратурага арыз жолдоду. (KCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG