Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

ЖАЛАЛАБАТТА АДАМ УКУГУН КОРГОО ЖААТЫНДА АБАЛ ЖАРЫТПАЙТ


10-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнүнө байланыштуу Жалалабат облусундагы “Справедливость” уюму маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда облуста адам укугу толук сакталбай жаткандыгы жана адам укугун коргочулардын өздөрүнүн да укугу корголбой жаткандыгы тууралу сөз болду. Анда келтирилген маалыматтарга ылайык, быйыл жайында Базаркоргон районунда абакка түшкөн эки адамды уруп сокту делген милиционерлерге кылмыш иши козголо элек.Облустук прокуратура алардын айыбы аныкталбагандыктан кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдирди. Кыйноолор август айында Жалалабаттагы убактылуу кармоо жайында да болгон. Бирок, шаар милициясы аны жокко чыгарды.

Облустагы “Адилеттик” уюму адам укугун коргоочулардын укугу да басмырлангандыгы тууралу уюмдун үч өкүлү менен эки күбөгө кылмыш ишин козгоо жөнүндө облустук Ички иштер башкармасынын улуу тергөөчүсү менен узакка жүргөн сот ишин мисалга тартышты. Тараптардын жарашуусу менен ал иш токтотулган. Базаркоргондук укук коргоочунун айыбы сотто далилденген эмес. Жарандар укуктары сот, прокуратура, милиция тарабынан бузулганы тууралу арызданышканы менен жогоруда аталган мекемелер алардын даттанууларын негизсиз деп эсептеп, жокко чыгарууда, дейт юрист Маматжан Абдужапаров:

- Милиция, прокуратурага адамдар доо арыз менен кайрылганда, алардын чечимдерин негизсиз эле жокко чыгарып коюп атат. Алар бизге кайрылганда топтолгон материалдар, фактылар боюнча облустук, шаар прокуратурага жөнөткөнүбүздө алар кылмыш иш козгошко мажбур болуп атат.

Адам укугун коргоочу Бактыкан Жапарова журналисттердин көңүлүн Базаркоргон районундагы жай айында болуп өткөн окуяларга бурду.

Райондо кыйноо жолу менен өмүрүнөн айрылган белгисиз аялдын өлүмүнө шектүү делип эки адам кармалган. Алар адам укугун коргоочуларга убактылуу кармоо жайында уруп-согуулар болгондуктан тирүү калыш үчүн жасабаган кылмышты мойнуна алууга аргасыз болгонун айтышкан. Өлдү деген аялдын атына окшош келин өзүн тирүү экендигин сотто далилдеген. Бирок, Жапарованын айтымында убактылуу кармалгандарга ыдык көрсөткөн милиционерлерди жазага тартуу өтүнүчүн облпрокуратура менен шаар соту четке каккан:

- Башкы прокуратуранын токтому боюнча кошумча текшерүүлөр менен аныктоолорго жөнөтүлгөн болчу. Жалалабат облустук прокуратуранын тергөөчүсү кайра эле отказ кабыл алууга жана кылмыш жаза ишин козгобоо жөнүндө бизге жоопту берип отурат. Бир айдан ашык мөөнөт өттү, дагы эле ошол ишти биз козгото албай атабыз.

Август айында Жалалабаттын кармоо абагында олтургандар кыйноолорго туш болуп, уруп сабалган фактылары боюнча микрофонго сүйлөөгө көнбөгөн шаар милициясынын башчысы Талант Базарбаев кызматка жаңы келгендиктен жооп бере албай тургандыгын, тергөө абагынан күнүнө эки ирет кабар алаарын, бирок, эч ким арыздана электигин билдирди. Шаардык сот базаркоргондук жабырлануучу Еркинай Мамажанованын арызын канааттандырган. Судья Камчыбек Ильясовдун белгилешинче аны менен шеригин кыйнаган милиционерди жоопко тартуудан баш тарткан прокуратура тергөөчүсүнүн иши мыйзамсыз деп табылган:

- 2007-жылдын 13-сентябрда Ашуров жана Шаболотовдордун үстүнөн кылмыш иш козгоодон баш тарткандыгы жөнүндөгү токтому мыйзамсыз деп табылып, кылмыш иштин материалдарын мыйзамдуу чечим кабыл алыш үчүн Жалалабат облусук прокуратурасына жөнөткөнбүз.

Убактылуу кармоо жайында болгон адамдар боштондукка чыккандан кийин укук коргоочулар менен бирге Башкы прокуратурага дейре даттанышкан. Окуя Базаркоргон райондук, кийин облустук прокуратура тарабынан изилденсе да, уруп-согуу окуялары ырасталбаган. Ошондуктан тартип сакчыларын жоопко тартуу тууралу арыз четке кагылган.

- Облустук прокуратура тарабынан жагдайларын толук текшерип чыкканда дагы, Мамажанова мени уруп-сабады деген менден көрсөтмө алышты деген доводдору толук өз ордун тапкан эмес. Ошондуктан кылмыш иш козгоону отказ кылуу жөнүндө токтом кабыл алганбыз. Азыркы убакта ошол арыз облсоттун өндүрүшүндө каралуу стадиясында турат,- деп айтты облпрокурордун орунбасары Талант Аккозуев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG