Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Россияда өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Дмитрий Медведевди “Бирдиктүү Орусия” партиясы президентикке талапкер катары тандап алды, Путин бул сунушту колдоп чыкты. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ушул окуянын айланасында “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

-Аликбек мырза, орус коомчулугунда жана эл аралык коомчулукта Владимир Путиндин кечээки кадамы күтүүсүз болду деп айтылып жатат. Буга чейин көптөгөн саясатчылар Путиндин мураскору Сергей Иванов болот деген божомолдорун айтып келишкен. Орусия президентинин бул кадамын сиз кандай бааладыңыз?

- Биринчиден, Орусиянын президенти бүгүнкү күндө жалаң эле президент эмес, улуттук лидер катарында кадам жасады. Биз билгендей кандидат катарында Ивановдон мурун Медведевдин аты аталган. Ошон үчүн бул закон ченемдүү нерсе. Бул абдан чоң көрсөткүч. Мен ойлоп атам, Путиндин бул кадамы улуттук лидер катарында, Медведевди жаш мураскор, жаш саясатчы катарында, жалпы Россиядагы саясатты түп тамырынан өзгөртүп, кайрылбас кылып, алдыга жылдырам деген максаты.

Экинчиден, Медведев өзүнүн көз карашы жагынан Батыш жакка жакын, жаңы формациядагы лидер болот шайланса. Ошон үчүн Орусия артка кадам жасабай, алдыга жылат. Бул жерде максат - экономика маселелерин, жалпы саясатты алдыга жылдырабыз деген максатты көрсөтүү.

Үчүнчүдөн, Медведев социалдык маселелерди көмөлдөп, бардык жагынан бүгүнкү күндө Орусия элинин жашоо сапаты жакка көп көңүл бурган биринчи вице-премьер катарында. Ошон үчүн ушул саясатты жаңы келген президент улантат.

-Ошол эле убакта айрым серепчилердин баамында, Дмитрий Медведев Путиндин айтканынан чыкпаган мамлекет башчы болот. Ал такка отургандан кийин деле Орусия Путиндин башкаруусунда болот деп айтып атышат. Сиз кандай дейсиз?

- Мен башында айтып кетпедимби, Путин бүгүнкү күндө Думага шайлоодон кийин улуттук лидер катарында кабыл алынып калды элге дагы, сырткы коомчулукка дагы. Ошон үчүн Медведев келеби, башка келеби сөзсүз Путин менен эсептешет, сөзсүз менин оюмча Путинден кеңеш сурайт. Албетте, бул закон ченемдүү, биринчи жылдарда таасири чоң болот.

-Айрым саясатчылар кандай болсо дагы мураскор жарыялоо менен Орусиянын президенти өзүнүн демократиянын жоболорунан тайбаган инсан экендигин көрсөттү. Ал бул кадам менен мурдагы cоветтик өлкөлөрдүн тактан түшпөй келаткан президенттерине үлгү болду деп айтып атышат. Чынында эле ушундай кадамды Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынан дагы күтүүгө болобу?

- Өзүңөр билесиңер, Борбор Азияда ар бир мамлекетте саясат, экономика ар бири башка жол менен кетип атпайбы. Ошон үчүн бүгүн болот, же болбойт деп айтыш кыйын. Буга чейин Орусиядан Борбор Азиянын саясатчылары көп үлгү алышкан. Биринчи Ельцин болгон, экинчи Путин болду өзүнүн мураскерин элге сунуштаган. Мен ойлойм бизде дагы болушу мүмкүн келечекте, бирок азырынча болбойт го деген ойдомун.

-Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG