Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

АСИЯ САСЫКБАЕВА: БАЙКООЧУЛАРГА КАРШЫ ТОПОЛОҢЧУЛАР ДАЯРДАЛЫП ЖАТАТ


“Ата мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева аларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө жергиликтүү бийликтер тоскоолдук кылып жаткандыгы жөнүндө фактыларды “Азаттыкка” билдирди.

-Асия айым, бийлик өзүнө жакпаган партиялардын үгүт иштерин жүргүзүүгө бут тосуп атат деген нааразылыктар барбы?

- Мына мен бүгүн эле Баткенден жана Оштон келдим. Ал жерде жергиликтүү бийликтер бут тоскону чын. Анткени, Ошто биздин жети билбортту чечип алып ыргытып салышптыр. Коопсуздук кызматы жарнактардын баарын өздөрү барып алып ыргытып атышат. Кээ бир партиянын жаштар үгүттөгөн жерлерине барып, уруп да, коркутуп да коюп атышат, өзгөчө жаш кыздарды.

Баткенде биз барган күнү аянтка элди чакырганбыз. Келген элди милиция, жергиликтүү бийликтер кубалап, биз келсек аз гана эл калыптыр. Антсе дагы биз күтүп турдук, эл акырындап кайрадан жыйыла баштады. Бирок көбү үйдүн бурчунан, талдын ары жагынан биздин сүйлөгөн сөздөрүбүздү угуп атышты, аянтка келгенден коркуп. Провокатор аялдарды да жиберип коюшуптур, лидерлер сүйлөп атканда алар кыйкырып атышты. Андан кийин микрофондорду жула башташты. Ошол эле кезде милициялар карап турушту, аларга тоскоолдук кылган жок. Унчукпай туруп беришти.

Кээ бир айылдарга “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү келгенде таш менен да ыргытышыптыр. Мисалы, Мадумаровдун айылынан ошондой кылышыптыр дагы, кээ бир тургундары өздөрү айтып беришти, “бизди үгүттөдү ошон үчүн биз жасадык, бирок биздин атыбызды айтпагыла, бизди талкалайт” деп аябай суранышыптыр.

-Ошол Оштун Куршаб айлында болгон ташбараң окуясы боюнча партия жетекчилиги кандай чараларды көрдү. Ички иштер министрлиги болcо бул факт боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирди. Сиз айтсаңыз бул кимдин көрсөтмөсү менен болушу мүмкүн. Дегеле ушул кылмыш иши аягына чыгат деп көзүңүз жетеби?

-Көзүм жетпейт. Ошону ким жазаганын мен айтпай эле коюн. Анткени, далил жок айта албайм, өзүңөр билесиңер мыйзам боюнча далил жок айтканга болбойт. Мен ойлойм, бүгүн болбосо да эртең аттары чыгат.

-Жер-жерлерди кыдыруу учурунда байкалгандыр, элдин, жалпы эле шайлоочулардын шайлоого маанайы кандай. Анткени шайлоодо акыйкатчылык болбосо өлкөдө кырдаал курчуйт деген божомолдор бар?

-Мен айтып коеюн, администативдик ресурс колдонгон үчүн сөзсүз түрдө мыйзам бузуу болот. Анткени бүгүн эле көрүнүп турат, биз “Ата мекенди” колдойбуз дегендер ачык айтышпай, акырын айтып атышат. Анткени башчыларынан, бийликтегилерден коркуп жатышыптыр. Мен ойлойм сөзсүз түрдө андай болот. Анткени, элдин да кыжыры келип атыптыр, бизди басмырлап атышат, “Ак жолго” сөзсүз түрдө добушуңарды бересиңер деп атыптыр. Менин билгеним боюнча 16-декабрга балдарды камдап атышыптыр, ар бир участокко саат 5-6 ларда барып тополоң чыгарасыңар, байкоочуларды эшикке чыгарып, бюллетендерди сала койгонго деп.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG