Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

ООГАНСТАНДА МУСА-КАЛА ШААРЫ БОШОТУЛДУ


Ооганстанда Муса-Кала шаары талиптерден бошотулду. Операцияга өкмөттүк аскерлер, НАТОнун бөлүктөрү катышты. Бул окуяны Кабулда сапарда болгон британ өкмөтүнүн премьери ири бурулуш катары баалады. Муса-Кала талиптердин колуна быйыл февралда өткөн эле.

Өкмөт аскерлери Муса-Каланы дүйшөмбү күнү алышты. Алар менен бирге операцияга НАТОлук контингенттин курамындагы британ күчтөрү катышты. Талиптер шаарды таштап кетишкенин алардын өкүлү да ырастады. Буга кошумчалап ал уруш маалында бириккен күчтөр отуз жоокерин жоготконун кабарлады,ал эми талиптерден канча киши окко учканын айткан жок.

Муса-Кала өлкөнүн түштүгүндөгү Гилменд провинциясындагы түйүндүү кенттердин бири. Аны өкмөттүк аскерлерден талиптер быйыл февралда тартып алышкан. Шаарга алардын эки миңдей жаңчылары кирген. Аларды жергиликтүү уруу башчылары колдошкон. Ошондон бери шаар козголоңчулардын башкы базасына айланган.

Дүйшөмбүдөгү операция шаардык тургундардын өтүнүчү боюнча өткөрүлдү.Анын жүрүшүндө британдык эки жоокерге ок жаңылды. Каармандарча курман болгон эки солдаттын эрдигин Улуубритания татыктуу баалай турганын айтып,Лондон өкмөтүнүн премьери Гордон Браун Муса-Каланын бошотулушун жалпы “Талибан” кыймылына урулган олуттуу сокку деп атады. Мунун алдында Браун Кабулда ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле.

Маалымат жыйынында Браун Муса-Каладагы операцияны ооган улуттук армиясы британ жана башка контингенттер менен ийиндеше иштеп, аркалуу күчкө айланып баратканын көрсөткөн ишке жоруду. Ал эми президент Карзай ооган армиясы дале эл аралык жардамга муктаж экенин белгиледи:

- “Дүйнөлүк коомчулук улуттук армияны кайра тикелөө ишинде бизге көмөктөшө беришин каалар элек, ошондо гана Ооганстан келечекте өлкөнү коргоо жоопкерчилигин толук өзүнө алганга жарамакчы”

XS
SM
MD
LG