Соттук териштирүү маалында «Окумуштуу юристтер» жана «Биримдик» коомдук бирикмелердин өкүлдөрү сотко берилген баштапкы доо-арыздарындагы талаптарын кайра карап чыгып, калган баракчаларды таратууну токтотуу, ошондой эле расмий маалымдоо каражаттары аркылуу ката делген тексттин оңдолгон түрүн жарыялоо өтүнүчүн гана калтырышканын билдиришти.
«Биримдик» коомдук бирикмесинин координатору Нургазы Нарынбаев коалиция коюлган доо-арыздагы күнөөнүн айрымдарын моюнга алышканын белгилеп, алар Шайлоо кодексинде жазылгандарды өз алдынча талкуулоого акысы жок эле деген пикирин билдирди.
- Жоопкерлер кетирген каталарынын айрымдарын моюнга алышты. Алар Жогорку Кеңеш гана жасай ала турган мыйзамга түшүндүрмө берүүнү өзүнө алышкан. Алар Шайлоо кодексинин 23-беренесинде жазылгандарды өз алдынча түшүндүрүү аракетин жасагандыгын айтышты. Бул баракчаны окуган шайлоочулар айрым так эмес маалыматты алышат.
Соттук доо-арызда белгиленген Шайлоо Кодексиндеги 23-беренеде шайлоочулардын кошумча тизмеси кандай шартта түзүлөрү тууралуу кеп болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Болот Малабаев коалиция өкүлдөрү түшүндүрмө баракчаны чыгарыштан мурун анын жеке өзүнө кайрылышканын ырастап, талашка түшкөн берене баракчада так эмес баяндалып калганын билдирди.
- Элди кабардар кылуу биздин милдетибиз. Биздин жарандар укугун так билиши зарыл. Бирок да кабарлоо ушундай ыкмада жасалса бул шайлоочуларды адаштыргандан башкага жарабайт.
Бирок да «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар колациясынын жетекчиси Динара Ошурахунова 230 миң нускада чыккан баракчада шайлоочуларды адаштырчу эч нерсе жоктугун, болуп жаткан соттук териштирүү коалицияны кандай да болсо жаманатты кылуу максатын көздөрүн билдирди.
- Баарбыз түшүнүп жатабыз, бул деген саясий заказ. Шайлоо учурунда коалиция чоң күч. 2000 участкада биздин байкоочулар турушуп, алар протоколдорду алышат, шайлоо жүрүп жатканда берилген добуштарды эсептеп турабыз. Маалыматты Интернетке жарыялайбыз. Ошон үчүн, мен ойлойм, биздин антишибизди кээ бир күчтөр каалабайт. Эң биринчи арыз бергенде коалициянын ишин токтотуп, эсебин жабышты талап кылбадыбы. Мен ойлойм, негизи бул саясий заказ.
Шайлоого байланышкан үгүт материалдарын, шайлоочулардын укугун түшүндүргөн баракчалардын текши баарын текшерүүдөн өткөргөн Борбордук шайлоо комиссиясынын өзү 500 миң нускада чыгарган эскертмесинде деле шайлоо убактысын эки саатка узартып салганын түзүүчүлөр байкабай калышкан. Жооптуу иштеги андай катачылыкты коалициячылар түшүнүү менен кабыл алышарын Динара Ошурахунова атайын белгиледи.
- Шайлоо күнү шайлоо участоктору эртең мененки саат сегизден түнкү онго чейин ачык дейт.
Бирок да шайлоо кодексинде добуш берүү кечки саат сегизде эле аяктары ачык жазылган. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын өкүлдөрүнүн ырасташынча, азыноолак каталардын мындай иштерде чыгып калышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын үстүнө бул ирет мөөнөтүнөн мурда парламент шайлоо күнү белгиленип, жаңыланган Шайлоо кодексин кенен-кесир окуп чыгууга шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнүн көбү жетишпей калганын ошол эле Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Б.Малабаев да ырастады.