Сыналгы бекетинин директору Бидзина Бараташвили бул тууралуу бүгүн Тбилисиде жарыялады. Имеди ТВ өткөн айдагы өкмөткө каршы демонстрациянын мезгилинде полициянын кол салуусунан кийин жабылып калган эле. Бекеттин негиздөөчүсү Бадри Патаркацишвили 5-январдагы президенттик шайлоого талапкердигин койгон.