Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Сарыгулова Бурулкан , Бишкек Бишкек райондор аралык соту жараксыз болуп калган шайлоо бюллетендери жөнүндө чыккан чыр-чатакты териштирип карап, Кыргызстандын Социал-демократтар партиясын Борбордук шайлоо комиссиясына 20 миллион сомдон ашык пул төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Социал-демократтар партиясы соттун чечимин талашып, Жогорку Сотко кайрылган жатышат.

Бишкек райондор аралык соту экономикалык талаш иретинде карап чыгарган бул чечим бир ай аралыгында аткарылышы керек. Бул аралыкта Социал-демократтар саясий партиясы Жогорку Сотко кайрылып, чечимди жокко чыгаруу аракетин жасайт. Партиянын сотко келген өкүлдөрүнүн айтымында, сотто доогер тарапка артыкчылык берилип, жоопкер тараптын өтүнүчтөрүнүн бирин да канагаттандырган жок. СДПнын адвокаты Елена Жылкычиева соттун жүрүшүндө төрт ирет өтүнүч менен кайрылды.

Өкүл тарабынан партиянын мүлкүнүн жана каражат эсебинин камакка алынышына, коюлуп жаткан айып менен толук тааныштыгы жок экендигине, далил документтердин түп нускасы сунушталбагандыгына, коюлган доонун эсеби туура эмес чыгарылгандыгына байланыштуу сотту кийинкиге жылдыруу жана доогер тараптарды кошумча милдеттендирүү сунушталды.
Судья Бакыт Карабеков сот сунуштарда негиз жок деп тапты.

- Мен кантсе дагы сотто теңчиликти, акыйкаттыкты жана негиздүүлүктү сактоону сурайм, - деп кайрылды судьяга соттун жүрүшүндө адвокат.

Башкы прокуратуранын арызды негиздегенине караганда, партия мүчөсү Эдил Байсалов өзүнүн интернет сайтына бюллетендин түп нускасын жарыялап жибериши БШКны 20 млн 238 тыс 320 сом чыгымга кирептер кылган. Ага авиaкаттамдарга, автоунааларга, кошумча айлыкка, атайын кызматтардын, БШК мүчөлөрүнүн, басмакана кызматкерлеринин тамактануусуна кеткен чыгымдар киргизилген. Бул каражаттын 230 миң сомго жакынын судья негиздүү эмес деп, төгүнгө чыгарды. СДПнын өкүлү муну жетишсиз деп, ашкере аша чапкан доо коюлуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Башкы прокуратура бюллетенден тышкаркы башка баракчалардын, бланктардын чыгымдарын да кошо тиркеген. Эң негизгиси – коюлган доонун эсеби так чыгарылган эмес жана аларды негиздеген документтер тиркелген эмес.

Доогер тараптын өкүлү Абдыкулов Тыныбек мындай дооматта негиз жок деп эсептеди:

- 20 миллион сом чыгаша так далилденген нерсе жана сунушталган документтер эч кандай шек туудурбайт.

Мына ушундай талаш-тартыштан кийин кабыл алынган соттун чечимине коомдук-саясий чөйрө дароо көз караштарын айта башташты. Алардын бири, «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев социал-демократтар мойнуна салынган 20 миллиондон ашык сомду, Эдил Байсалов өзүнүн мойнуна коюлуп жаткан айыпты төлөшү керек деген көз карашта.

Жашылдар партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин айтымында, бюллетень чатагына байланышкан соттук териштирүүлөрдүн бардыгы бийликтин тапшырмасы менен ишке ашып жатат жана ал коомчулукка оркоюп көрүнүп турат:

- Бул жерде акча адалданып атат. Дагы бир жолу пайда көргүлөрү келип атат. Азыр бийлик эч нерсеге карабай өзүнүн оюн эрежелери менен баратат. Мыйзамдарга караган жери жок.

Социал-демократтар партиясы бюллетенге кеткен чыгым коюлган доодон кеминде эки эсеге аз деген тыянак чыгарды. Чыгымдын эсебин так чыгаруу үчүн атайын экспертизалык иликтөө керек экендигин да партиянын шайлоого катышып жаткан лидерлери айтып жатышат.

Бюллетень чатагына тикелей тиешеси бар саналган СДПнын жооптуу катчысы үч күн мурун үй-бүлөсү менен Алматыга чыгып кеткендиги кабарланган. 6-декабрда Байсаловго Баш прокуратура мамлекетке 11 миллион сомго жакын чыгым алып келди жана БШКнын ишине тоскоол болду деп кылмыш ишин козгогон. Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жергиликтүү телеканалдарга берген интервьюсунда кылмыш иши териштирилип жатканда өлкөдөн чыгып кеткен Эдил Байсаловго эл аралык издөө жарыяланарын эскертти. СДПнын лидерлери болсо Байсалов Бишкекке кайтып келерине ишенимин билдирип жатышат.
XS
SM
MD
LG