Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

ШАЙЛООНУН ТАЗА ӨТӨӨРҮНӨ ИШЕНИМ БАРБЫ?


Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет партиялык тизме менен өтө турган парламенттик шайлоонун болоруна саналуу гана күндөр калды. Аны уюштуруу жана өткөрүү ишине Борбордук Шайлоо Комиссиясынан баштап бала бакча кызматкерлерине чейин көрүп жаткан катуу даярдыкка салыштырмалуу добуш берүүнүн калыс жана так өтөөрүнө ишенимдин деңгээли пас деп жарандык коом өкүлдөрү жар салышты. Ага эмне себеп? Дегеле шайлоонун ачык, калыс жана эркин өтөөрүнө ишеним барбы?

Кыргызстандын парламенттик жарышка түшкөн партиялары чагылгандай тездик менен кабыл алынган Шайлоо Кодексинин талаптарын эл түшүнүп-түшүнө электе эле шайлоо тездик менен өткөрүлүп жатат деп бийликке доомат артканы менен өз партияларын да элге ошондой эле тездик менен таанытууга аракет үрөп жатышат. Шайлоо алдында эле жаралып, бийликтин көмөгү менен оозго алынган “Ак жол”, мурдатан белгилүү “Ата Мекен”, “Социал-демократтар” жана “Асабадан” башка партиялардын атын шайлоочулар аңдай албай, кайсынысына добуш берерди алигиче билбей дендароо.

Шайлоонун жүрүшүнө эки айдан бери байкоо салып жаткан “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун башчысы Төлөкан Исмаилованын билдирүүсү боюнча, байкоо добуш берүү калыс болот деген ишенимди жараткан жери жок.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Элегия Мусаеванын маалыматы боюнча, шайлоонун будамайланышына алдыртан даярдыктар көрүлүп жаткандыгы бардык жерде байкалууда. Ага Кочкор районунун Туз айылындагы атын атабоону өтүнгөн мугалимдердин “Ата Мекен” партиясына 11-декабрда кабарлашкан акыркы тынчсыздануулары жакшы күбө дейт.

Анткен менен жарышка түшкөн партиялар кыргыз электоратынын мыйзам бузууларга бейкапар мамилесин этибарга албай, марага жетүүгө далбастоодо. Кыргызстандагы саясат талдоочулар ассоциациясы жарышка түшкөн партияларды: өкмөтчүл, оппозициячыл жана бейтарап партиялар деп үч топко бөлүп, шайлоо дагы үч башка жагдайда өтүшү мүмкүн деп божомолдошту. Алардын баамында, биринчиден, шайлоо калыс өтүп, оппозиция 40, бийликчилдер 40, бейтарап партиялар 20 пайыз добуш алып, бийлик да, оппозиция да ыраазы болушу мүмкүн. Бирок административдик ресурс ашкере колдонулуп, оппозиция 10-15 пайыз гана добуш алып калса, жыйынтык кыйчалыш кырдаалга туш болушу сөзсүз. Үчүнчү жагдайды добушту бурмалоо жаратып, бийликтин абийирин 2005-жылдагыдай катуу кетириши мүмкүн.

Талдоочулар ошондой эле шайлоонун болбой калышына да негиздер бар экендигин эскерте кетишти. Албетте, бул теория менен учурдагы чындыкты салыштырган божомол. Бирок, Кыргызстандагы азыркы абал шайлоонун легитимдүүлүк маселесин добуш берүүдөн кийин күн тартибине чыгарбай койбойт деген ойлор эмитен эле айтыла баштады.

Жарышка түшкөн партиялардын көбү Кыргызстандагы абал ушундай экендигин шайлоочулар менен жолугушууда байма-бай айтып, ар бири мындай туңгуюктан чыгарууга жарамдуу партиябыз деп, элди калыстыкка чакырып, адилет болууга үндөөдө. Бирок, тобокелдикке катуу берилип алыштыбы, жергиликтүү байкоочулар менен оппзициячыл партиялардын бийлик өкүлдөрү өзүм билемдикке барып, бир гана бийликчил “Ак жол” партиясынын кызыкчылыгы үчүн жан үрөп жатат деген билдирүүлөрүнө маани беришкен жок жана мыйзам чегинде тескөөнү бийликтен биримдик менен талап кыла алышкан жок.

Шайлоо калыс болбошуна көзүм жетти деген “Асаба” партиясынын №1 талапкери Жеңишбек Назаралиевдин шайлоого бойкот жарыялоо демилгесин колдогон партия болгон жок. Анын айтымында, буга саясий партия өкүлдөрүнүн Кыргызстанды эмес, өзүлөрүнүн жеке беделин ойлогон максаттары жол берди.

Саясий партиялардын шайлоо алдындагы максат, тилектерин иликтеген саясат талдоочулар ассоциациясынын өкүлдорүнүн баамында, партиялардын административдик ресурсту колдонуп, “Ак жол” партиясына бийликтин жан тартууларына бейтараппыз деген партиялардын көз жумдуулук кылуусунун башкы себеби - алардын өкмөтчүл позициясында. Ассоцациянын пикиринде, бейтарап партиялардын башкы максаты оппозициянын добушун тартып алып, парламентке өткөндөн кийин бийликтин сөзүн сүйлөө. Ушундан улам мыйзам бузууларга каршы мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылып, Башкы прокуратурага, сотко, БШКга арыз жолдогон “Ата Мекен” сыяктуу бир-эки партиянын демилгеси колдоосуз калды. Ошон үчүн аны сот да, БШК да, прокуратура да этибарга алган жери жок.

Мурдагы бийликтин өкүлү Базарбай Мамбетов болсо шайлоо калыс болбойт деген ишенимдин бекемделишине чукул түзүлгөн “Ак жол” партиясынын тизмесине кирген адамдардын салмагы да түрткү берип турат деген ойдо.

Оппозициячыл партиялар менен жарандык коом өкүлдөрү болсо шайлоо калыс болбойт деген ишенимдин улам бекемделишине өз ич ара ырааттуу иш жүргүзө албай, бийликтин көрсөтмөсүн так аткарып жаткан БШКга кине артышууда.

Ал эми шайлоо алдындагы шайтан оюндарга жол берип, шайлоочулардын эркин тандоо укугунун бузулушуна жол берди деп жогорку бийликке артылган кинени президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун четке кагып, жагдайды бийликке жагынып көнгөн жергиликтүү жана тармактык бийлик өкүлдөрү жаратты деп билдирди.

XS
SM
MD
LG