Бул тууралуу анын адвокаты Айжан Касымалиева билдирди. Анын айтымында, кезектеги соттук жараянда айыпталгандарга суроолор берилет. «Эгерде баары өз нугунда жүрсө жыйырманчы декабрдан кийин сот жараяны аягына чыгып калат»,- деп белгиледи Касымалиева. Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпара Арыкова чет өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталып кармалган. Учурда ал Улуттук коопсуздук кызматынын абагында кармалууда.(AiT)