Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Ондогон адамдардын өлүмүнө алып келген Алжирдеги жардырууларга тиешеси бар экенин "ал-Каида" уюму билдирди


Билдирүү динчилдердин интернет сайтына жарыяланган. Жан кечтилер өлкө борборундагы Конституциялык соттун жана Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын алдында жардыргыч салынган автоунааларды жардырышкан. Расмий маалыматка караганда, жардыруудан 26 киши, анын ичинен БУУнун 10 кызматкери каза тапкан. Ооруканадан түшкөн маалымат боюнча, өлгөндөр саны 60 ашуун, ал эми жарадар болгондор 170 тен көп. Бириккен Улуттар Уюму жардырууну кескин айыптады.

XS
SM
MD
LG